Таиландда өрт кырсыгынан 17 кыз курман болду

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Эл аралык уюмдар курулуш иштеринде коопсуздук стандарттарын жана эксплуатация структураларын жакшы көзөмөлгө албаганы үчүн Таиланд бийлигин дайым күнөөлөп келет.

Таиланддын түндүгүндөгү Чианграй провинциясындагы мектеп интернаттан өрт чыгып, он жетиден кем эмес окуучу курман болду.

Эки окуучу кыз табылган жок, бешөө өрттөн жабыр тартып, анын экөөсү өтө оор абалда калган.

Мамлекеттик эмес бул мектеп интернатында 3 жаштан 13 жашка чейинки ондогон кыздар билим алат.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, бул мектепте көпчүлүк карапайым элдин балдары окуйт.

Куткаруучулар азырынча өрт эмнеден чыкканынын себебин билише элек.

Эл аралык уюмдар курулуш иштеринде коопсуздук стандарттарын жана эксплуатация структураларын жакшы көзөмөлгө албаганы үчүн Таиланд бийлигин дайым күнөөлөп келет.

Чианграйдын бир бөлүгү Бирма жана Лаос менен кошулуп, жер жүзүндөгү атактуу «Алтын үчтүк» наркотрафикти түзгөнү менен белгилүү.