Венесуэла: эл ачарчылык алдында турат

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Венесуэланын борбору Каракаста полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газды колдонду. Каршылык акциясындагылар кызматынан кетүүнү каалабаган президент Мадуронун отставкасы үчүн референдумду талап кылууда.

Миңдеген киши катышкан акция өлкөнүн бир нече шаарларында өттү. Экономикалык кризис жана Мадуронун референдумдан баш тартуусунан келип чыккан бул протест бийликке каршы эң эле ири толкундоо болуп калды.

Венесуэланын президенти 60 күнгө өзгөчө кырдаал жарыялап, полиция менен аскерлердин укугун кеңейтти.

Дүйшөмбүдө башталган каршылык акциясынын үчүнчү күнү оппозиция Каракастагы Улуттук шайлоо кеңешинин имаратына жүрүш жасоого чакырды.

Бирок алардын жолун коопсуздук күчтөрү тороп, газ коё беришти. Айрым катышуучулар жооп кылып бөтөлкө, таш менен урду.

Оппозициянын талаптары

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Венесуэланын оппозициясы Николас Мадурону жана ал жолун жолдогон Уго Чавести алар жүргүзгөн саясат экономикалык кризиске алып келди деп айыпташууда. Экономикалык кризис мунайга баанын түшүүсү менен курчуду.

Бирок Мадуро өлкө элитасын өз саясий максаттарына жетүү үчүн экономикалык кризиске алып келди деп айыптоодо.

Эки апта мурда оппозициялык саясатчылар жалпы добуш берүүнү өткөрүү үчүн 1,85 миллион киши же жалпы шайлоочулардын бир пайызы кол койгон петицияны өкмөткө тапшырган.

Конституцияда президенттин тагдырын чеччү референдум шайлоочулардын кур дегенде 20 пайызы же дээрлик төрт миллион киши кол койгон экинчи петиция менен чечилери жазылган.

Бирок өкмөт референдум болбой турганын айкын кылды. Бул саясий өзгөрүүлөргө мыйзамдуу жол менен жетүүгө аракет кылып жатканын айткан оппозициянын кыжырын ого бетер келтирди.

“Референдумду ушул жылы өткөрүүгө болот жана сиздер муну билесиздер. Элдин нааразылыгынын жарылуусуна алып келбейли”, - деди шаршембиде эл алдында сүйлөп жаткан оппозиция лидери Энрике Каприлес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мадуронун тарапташтары да шаршембиде Каракастын көчөлөрүнө чыкты, бирок алар оппозициянын тарапташтарына караганда кыйла аз болду.

Күнүмдүк тиргилик

Азык-түлүккө кезек күтүү жайлары Николас Мадуро менен Уго Чавестин тарапташтары менен каршылаштары убактылуу пикир келишпестигин унуткан саналуу жерлердин бири.

Бирдеме сатып алуу үмүтү менен турганда алар ар бир венесуэлалыктын жашоосун кыйындаткан көптөгөн көйгөйлөрдү талкуулашат.

Ал көйгөйлөр жаңы эмес жана баарына тийиштүү: мунайга бай өлкө экономикадагы жөнөкөй тартипти орното алган жок, идеологиялык жана социалдык айырма абдан чоң.

Бирок узун кезектерде саясатты эмес күнүмдүк тиргиликти талкуулашат.

Мисалы, эмне канча турарын сүйлөшүшөт. Венесуэлада дүйнө боюнча инфляциянын деңгээли жогору. Акыркы маалыматтар боюнча, 2015-жылы ал 180 пайызды түздү.

Электр энергиясынын өчүүсү, өкмөттүн экономикалык кескин чараларды кабыл алуусу тууралуу сөз болот.

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Андан сырткары суунун токтошу, бир нече күндөп идиш жууй албай же жууна албай калганы тууралуу айтышат.

Элди ошондой эле кылмыштуулук да бейпайга салат. Өлтүрүүлөр саны боюнча Венесуэла Гандурастан кийинки эле орунда турат.

Февралда Башкы прокуратура маалыматтарын жаңылады, ага ылайык, ар бир 100 миң кишиге 58 адам өлтүрүү туура келет.

Жарым ачка эл

Бирок азыркы күндө эң башкы маселе – азык-түлүк тартыштыгы, ага бир катар түзүлүштүк жана саясий факторлор себеп болгон.

Арасында импорттон көз карандылык, мунайдын арзандашы, мамлекеттин өндүрүштү жана азык-түлүктү таратууну тескөөсү өңдүү себептер бар.

Мадуронун өкмөтүнүн версиясы боюнча, азык-түлүк көйгөйү айрым саясатчылар жана оң канаттагылар жүргүзүп жаткан экономикалык согуштун жыйынтыгы. Ушуну негиз кылып президент өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Бирок бардык катмардагы венесуэлалыктар кимге кайсы көз караш жакын болгонуна карабай, күндө дүкөнгө барууга аргасыз.

Алар сүт, күрүч, май жана макарон өңдүү негизги азыктарды алыш үчүн дүкөндөн дүкөнгө барып, кезекке турат.

Тамак-аштын тартыштыгы жана алардын баасы венесуэлалыктардын негизги маселеси болуп калаганына көп болду. Ал жада калса жеке коопсуздуктан да мурда туруп калды.

Keller y Asociados уюму мартта жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, калктын дээрлик 90 пайызы чындыгында азык маселеси боюнча тынчсызданууда.

Жыл башынан бери жок дегенде 170 азык-түлүк дүкөндүн уурдалганы ого бетер тынчсызданууну жаратууда.

Кайгы менен айла түгөнүү

“Мен кечээ жүгөрү унуна (Венесуэлада жүгөрү уну кошулган арепас нанын көп жешет) кезекте турдум жана коңшум менен азыктын тартыштыгынан эмнелерди жей албай калганыбызды талкууладым”, - деп жазды “Фейсбукка” орто класстагы менин курбум, өзү эне жана оппозицияны колдойт.

“Коңшум таң менен үйүнөн тамактанбай чыгат, анткени тамакты балдарына калтырат. Мен ага чейин жете элекмин, бирок арепас жасабай калдым, жүгөрү унун тапсам уулума үнөмдөп жатам. Сулу боткосун да жебей калдым, анткени ага сүт керек, сүттү да балама сактайм. Каймак майын да баламын булочкасына болсун деп жебей калдым”, - деп жазат ал.

“Көп тамак-ашты жей албай калганым кайгы эмес, ага көнүп баратканым чоң кайгы экенин мен күтүлбөгөн жерден түшүндүм”, - дейт ал. Курбум Мадуронун мөөнөтүн кыскартуу максатында референдум өткөрүү үчүн петицияга кол коюп берген.

Мен орто калсстын дагы бир өкүлү менен сүйлөштүм. Ал дагы эне, бирок саясий көз караштары такыр башка. Ал дайыма Чавести колдочу жана министрликтердин биринде иштейт.

Мени таң калтырганы, курч сөздөрдүн ордуна ал жеке кайгысын жана айласы түгөнгөнүн айтып берди.

“Кызым абдан арык, ал көптөн бери момпосуй да, печенье да жей элек. Сүт жок, дары жок. Ата-энем кары кишилер, алар кыдырып тамак-аш издей албайт. Менин ыйлагандан башка айлам жок”, - дейт ал. Петицияга кол коюп же койбогонун сураган жокмун.

Өткөн аптада парламент мүчөсү Чавестин ишенимдүү тарапташы Диосдадо Кабельо мамлекеттик кызматкерлердин кол коюсуна тыюу салынат деген.

Ким күнөлүү?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Мадуро бийликке каршы согуш жүрүп жата деп эсептейт

Венесуэлада Уго Чавести катуу колдогондор дале бар. Анын баары тең деген социалисттик көз карашы үчүн күрөшүш керек дешет.

Бирок ошолор дагы нааразылыгын билдирип, дарылардын же иттердин азыктарынын тартыштыгын сынга алган учурлары болот.

Саясий көз караштардан улам сүйлөшпөй калган айрым үй-бүлө мүчөлөрү азыр кайра тил табышты.

Келбети менен өзүнө тарткан Чавес жок кезинде бийлик үчүн дарегине айтылган сындардан качууга оңой. Маалыматтарын көбүнчө бийлик кодонгон IVAD борборунун изилдөөсүнө ылайык, калктын 69 пайызы Мадуронун администрациясы “жаман” же “өтө жаман” деп табылган.

Бул сандарды тастыкташ үчүн жөн гана кезекте туруп көрүш керек.

“Бизде чын эле ачарчылык болуп жатат. Адамдар күнүнө эки маалдан аз жеп жатат. Этсиз, тооксуз,буурчаксыз тамактанууда. Аларга протеин жетпейт. Эптеп жашаш үчүн уну гана бар”, - деди жергиликтүү консультациялык фирманын өкүлү.

Эксперттер, эки тарап жардын кырында турганын айтууда. Бирок алар муну бир нече жылдан бери айтып келатат. Ал эми азыркы кырдаал тамактануу өлчөмү азайып кеткени менен айырмаланат.

Ачарчылыкты саясий көз караштарына карабай венесуэлалыктардын баары сезип жатат.

Алар бир нерседен баш тартууга көнүп калды. Чиновниктер кырдаалды башкара албай, коркунучту сезип жатат. Ал эми радикалдар ким күнөөлүү экенин чече албай турат.

Венесуэла – татаал өлкө. Келечегин эч ким айта албайт.