«Манчестер Юнайтеддин» башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Сүрөттүн автордук укугу PA

Британ футбол клубу “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусу Луи ван Гал команда менен эки жыл иштешкен соң кызматынан кетти.

Голландиялык 64 жаштагы машыктыруучу үч жыл иштемек. Англия чемпионатынын ушул сезонунда “Манчестер Юнайтеддин” оюнчулары бешинчи орунду алып, чемпиондор лигасына өтпөй калды.

Би-Би-Си өткөн аптанын соңунда тактагандай, МЮнун башкы машыктыруучулук кызматы португалиялык Жозе Моуриньюго сунушталат. Ал декабрда лондондук “Челсинин” башкы машыктыруучулук кызматынан кеткен.

53-жаштагы Моуринью “Челси” Англия чемпионатындагы 16 матчта тогузун уттургандан кийин жана командалык спорт формасын жоготкон чуудан кийин кеткен.