Түркиянын жаңы премьер-министри президенттик республиканы колдойт

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Бинали Йылдырым партия лидери Ахмет Даутоглунун ордуна келди

Түркияда башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы жаңы лидерин тандады. Ал президент Режеп Тайип Эрдогандын жакын санаалашы Бинали Йылдырым.

Автоматтык түрдө өкмөт башчылыкка келчү Йылдырым Түркияда президенттик башкаруу түрүнө өтүш керек деген чакырык жасоого жетишти.

Ал партиянын курултайында сүйлөп жатып, конституцияны өзгөртүү керек деди. Анын айтымында, Түркия саясатындагы азыркы кырдаалды мыйзамдаштыруу учуру келди.

Президент Эрдоган 2014-жылы шайланган. Ал президентти алгачкы жолу түз шайлоо болчу. Ага чейин президент парламент тарабынан тандалып келген.

Бинали Йылдырым мурдагы премьер-министр Ахмет Давутоглунун ордуна партия лидерлигине келди.

Давутоглу кызматтан кетип жатып, парламенттик башкарууну президенттик башкарууга өткөрүп, өзүнүн укуктарын болушунча кеңейткиси келген Эрдогандын саясатына макул эмес экенин билдирген.

Саясаттагы өз ара араздашуу башка дагы чакырыктарга туш келди. Ал өлкөнүн түштүк-чыгышында “Курдистан жумушчу партиясынын” козголоңчулары менен тирешүү, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уюштурган теракттар жана миграциялык кризис.

Режеп Тайип Эрдоган 2014-жылга чейин он бир жыл премьер-министр болуп турду.

Өлкөнүн парламенттик системасына ылайык, президенттик орун негизинен салтанаттык мааниге ээ.

Бирок Эрдоган президенттик башкаруу формасы Түркиянын натыйжалуу жашашына жол ачат деп эсептейт.