Сириядагы жардырууда 120дан ашык киши өлдү

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тартус, 23-май

Сириянын батышындагы шаарлар Жабла менен Тартуста орус аскердик базаларынын жанындагы жардыруулардан 120дан ашык киши мерт кетти.

Тартуста автобекеттин жанында мина коюлган автобус жарылган. Андан сырткары бекетте эки жанкечти өзүн жардырды.

Жабла шаарында да бир нече жардыруу болду.

Сириянын мамлекеттик медиалары адам көп чогулган аялдамалар менен ооруканалар да алардын бутасы болгонун жазууда.

Сириялык мамлекеттик телеканал Тартустагы аялдаманы кур дегенде эки жанкечти, бирөөсү жөө, экинчиси мина коюлган машина менен жардырып жибергенин айтты.

Сана мамлекеттик маалымат агенттиги Жабладагы аялдамага ракеталар түшкөнүн жазды.

Эки шаар тең Башар Асаддын көзөмөлүндөгү Латакия провинциясында. Мындай масштабдагы кол салуу бул аймакта сейрек болот.

Тартуста советтер союзу учурунан бери орустардын аскердик-деңиз базасы бар. Ал эми Жабладан бир канча чакырым алыстыктагы аэродромдо өткөн жылдан бери Хмеймим орус авиабазасы бар. Андан Сириядагы салгылашка катышып жаткан орус аскердик учактары учат.

Жардырууларды “Ислам мамлекети” аталган эсктремисттик жасаганы тууралуу маалымат таратты.