Анджелина Джоли Лондондогу экономикалык мектепте сабак берет

Голливуд актрисасы, БУУнун качкындар жана аял укуктары боюнча посолу Анджелина Джоли Лондондогу эң престиждүү экономикалык мектепте сабак берерин жар салды. Айтымында, ал согуштун аялдарга тийгизген таасирлери тууралуу курс өтөт.

Мындайча айтканда, актриса атайын чакырылган мектеп мугалиминин ролун аткарат.

Джоли бул кызматка дайындалышы тууралуу сүйлөп жатып: «Мен бул программаны түзүү аркылуу абдан канат байлап турам», - деди.

"Чыр-чатак учурундабы же сексуалдык зомбулук жасалган учурдабы, айтор, аялдарга жасалган кылмыштардын жазага тартылбай калышы жана аял укуктары тууралуу талкууларды кеңейтүү зарыл», - деп кошумчалайт актриса.

Лондондогу экономикалык мектептин билдиришинче, курсту маалыматтык жактан Джоли тарабынан түзүлгөн «Аял укуктары, тынчтык жана коопсуздук борбору» менен биргеликте Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Уильям Хейг колдойт.

Актриса жана бул саясатчы 2012-жылдан бери чырлуу аймактарда аялдардын сексуалдык зомбулукка кабылуусун токтотуу аракетин көргөн компанияны иштетип келет.

Хейг дагы Лондондогу экономикалык мектепте атайын чакырылган профессор катары сабак берет.

Джоли 2011-жылы "Кан жана бал чегинде" деген киносу менен режиссердук дебютун жасаган. Аталган тасмада Босния согушу жана ал учурдагы аялдардын азаптары тууралуу көрсөтүлөт.

Гуманитардык уюмдардын эсеби боюнча, бул согуш учурунда аскерлер 20 миңден ашуун аялды зордукташкан.