Куба кичи жана орто ишкердикти мыйзамдаштырууну чечти

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Куба бийлиги өлкөдө орто жана чакан бизнести толугу менен мыйзамдаштыруу алдында турганын айтып чыкты. Учурда бул өлкөдө айрым гана тармактардарда жеке ишкердик менен алектенүү кездешет. Мисалы, ресторан иштеринде же сулуулук салондорун курууда.

Өлкө башчы Рауль Кастро апрель айында Кубадагы Компартия конгрессинде сүйлөп жатып, өлкөдө чакан бизнестер мыйзамсыз иштеп жатканын айткан.

Коммунисттик партия жаңы кабыл алынган мүмкүнчүлүктөргө ылайык, өлкөнүн экономикасын күчтөнтүү ниетинде турат.

Соңку айларда эл аралык коомчулук Кубага карата санкцияларды жеңилдеткен. Куба тарап АКШнын экономикалык эмбаргосун алып салуусуна аракет жасоодо. Акыркы бир нече айдан бери чектөөлөрдүн бир бөлүгү алынып салында, мисалы, туризм жаатындагы чектөөлөр.

Рауль Кастро акыркы жылдары улуу агасы Фиделге салыштырмалуу ачык саясат жүргүзүүгө аракет жасоодо. Март айында Америка президентинин аралга акыркы 88 жылдан берки алгачкы сапары болду.

Экономиканын менчик тармагы алгачкы жолу 2010-жылы солгундоого дуушар болгон. Ошо учурда Куба бийлиги орто бизнестер үч эсе өсүшү керектигин түшүнүп, план иштеп чыккан.

Андан соң бийлик миллиондун төрттөн бир бөлүгүнө орто бизнес ачуу үчүн лицензия берген.