Stratfor: “ИМ” Сирияда орус тик учактарын өрттөдү

Image caption Орустар алган Сирия базасынын мурда тартылган сүрөтү

Американын Stratfor эксперттик компаниясы Тияс аймагына жакын жайгашкан Орусиянын аба күчтөрү колдонгон сириялык авиабаза олуттуу талкаланганын билдирди. Божомолдорго ылайык, аны “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топ аткан.

Image caption Базанын өрттөн кийин тартылган сүрөтү

Спутниктен тартылган сүрөттө базадагы учуу тилкелеринде турган жеринен күйгөн тик учактардын жана имараттардын калдыктары көрүнөт.

Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков өрттөлгөн техникалар база орус аскерлерине өткөнгө чейинки согуштан калганын, ал эми азыркы билдирүү экстремисттик топтун пропагандасы гана экенин билдирди.

“Бир канча жолу атышкан”

Өткөн аптада орус базасында төрт тик учак жана 20 жүк ташуучу машина өрттөлгөн, деп билдирди Stratfor. Анын маалыматына ылайык, базаны бир нече жолу аткылашкан.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жакында Сириядага Жабла жана Тартус шаарларында орус базасына жакын жерде жардыруулар болду

Тияс базасынын мурдагы сүрөтү менен азыркысын салыштырып, эксперттер учуу тилкелеринде Ми-24 тик учагынын тулкусун көрүүгө болот дешет. Ал эми имараттар аларды камсыздаган склад болгон.

Учуу тилкесинде ошондой эле сириялык аба күчтөрүнүн Миг-25 учагы да болгон.

Тиястагы базаны талкалоо тууралуу “ИМ” менен байланышы бар делген “Амак” агенттиги алгач болуп айтып чыкты. Stratfor компаниясынын спутниктен тарткан сүрөттөрү анын майда-чүйдөсүн далилдейт.

“РИА Новости” агенттиги Тияс базасындагы сириялык булактарга шилтеме кылып, тик учактар өрттөн жабыркаганын жазды.

“Өрттүн себептери белгисиз. Ал төрт тик учак турган аянтчанын жанында чыккан. Өрт өчүрүү унаалары террористтер миномет менен аткандыктан өрт болуп жаткан жерге өтө алышпай калды. Жалын тик учактарга жетип кетти”, - деди агенттиктин булагы.

Анын айтымында, ок атуудан эч ким өлгөн жок жана жарадар болгон жок.

Орусиянын коргоо министрлигинин версиясы

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Орусиянын коргоо министрлиги алар тарапта жоготуу болгон жок деп жатат

Игорь Конашенков Сириядагы бардык орус тик учактары күн тартибиндеги иштерин аткарып жатканын, жоготуу жок экенин билдирди.

“Аскер тик учактарын жана жүк ташуучу унааларды жок кылуу тууралуу билдирүүнүн автору “ИМдин” пропагандачылары экенин эске салам. Алар бул маалыматты он күнчө мурда сатууга аракет кылып, жыйынтык чыккан эмес. Ал эми сириялык авиабазанын сүрөтүндө көрүнгөн күйгөн техникалар жана жарылган снаряддардын калдыктары ал жерде бир нече айдан бери жатат”, - деди Конашенков.

Ал күйгөн техникалардын калдыктары Сирия күчтөрү менен согушчандардын кагылышуусунан калган деди.

“Ал эми лириканы коё туруп, түз айтчу болсок, мындай маалыматтын таратылышы эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө биздин өнөктөштөрүбүздүн, тырмак ичинде “чоң салым кошуп жатканын” көрсөткөндөй”, - деп кошумчалады Орусиянын расмийи.

Фрэнк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы

Өрттүн себеби кандай экенине карабай, бул Орусия үчүн олуттуу жоготуу.

Өткөн жылдын сентябрь айында Орусия Сирияга аскерин жибергенде, СССРдин Афганстандагы он жылдык аскердик кампаниясы эмне менен бүткөнүн эске алып, жер үстүндөгү операцияларга орус күчтөрүн катыштырууга этият мамиле жасап жаткан.

Бирок Сириядан аскерин чыгарып кетүү стратегиясын жарыялагандан кийин Орусия президент Асаддын күчтөрүн колдоп, согушка көбүрөөк катышып калгандай туюлат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириянын жер-жерлеринде абал курч бойдон калууда

Пальмирадан 60 чакырым аралыктагы авиабазада орус аскер техникаларын жок кылуу орустардын согушка канчалык катышып жатканын ачыкка чыгарууда.

Пальмира Сириянын түндүк-батышында жүрүп жаткан согуштан алыс чөлдөрдө жайгашкан. Ал жерде орус авиациясы активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Эми суроо пайда болот: Орусия бул жоготууга кандай чара көрөт – Пальмирада өзүнүн күчүн алмаштырабы, көбөйтөбү же кыскартабы?

Өрт кокустан чыккан жок

“ИМ” алардын согушчаны “Град” ракетасын Тиястын жанындагы орус базасына түшүрүп жатат деп түшүнүдүргөн сүрөттү жарыялаган.

“Сүрөттөргө караганда, өрт кокустан чыккан эмес... Фотографияларда өрт аба майдандын бир нече жеринен чыгып жатканы жана орус техникасы катуу күйгөнү так көрүнүп турат ”, - деди Stratfor компаниясынын аскерий аналитиги Сим Тэк.

Анын айтымында, аскердик тик учактардын бүтүндөй бир бөлүгү күйүп кеткен, алар төрт тик учак. Сириянын тик учагы жабыркаган. Бул тик учактарды камсыздоого колдонулган болушу мүмкүн делген жол да жабыркаган.

Эксперт “Амак” агенттигинин маалыматын абдан так жана тик учактар менен склад “ИМ” тарабынан жок кылынган болушу мүмкүн деди.

Би-Би-Синин Араб кызматынын кабарчысы Рами Рухайемдин айтымында, бул окуя болгон район стратегиялык мааниге ээ.

Хомс провинциясына Сириянын чөлдөрү аркылуу Раккага чейин созулган аймак кирет. Ракка шаарын эктремисттер 2014-жылы өздөрүнүн халифатынын борбору кылып алган.

Ирандын “Аль-алам” маалымат агенттиги 16-майда “Сириянын өнөктөш күчтөрү” “ИМди” камсыздаган Ракка менен Хомстун арасындагы жолду бууганын жазды. Ага ылайык, аталган күчтөр “ИМдин” көзөмөлүндөгү газ чыккан Шаердин үстүндөгү төрт бийик имаратты алган.

Бирок Statfor компаниясынын эксперти Сим Тэк “ИМ” Ракканы камсыздоо жолдорун көзөмөлдөп турганын айтты.

“Сириянын режими жана орус аскерлери Ракка менен Хомстун байланышын үзөбүз деп бир топ кыйынчылыктарга туш болууда”, - деп коушмчалады Сим Тэк.