Фаллужаны бошотуу кадамдары жана Багдаддагы жардыруулар

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ирак өкмөтүнүн аскерлери Фаллужаны бошотуусу үчүн чечүүчү чабуул башталганы айтылууда

Ирак өкмөтүнүн аскерлери Фаллужа шаарын тегеректеп, аны курчаган айылдарды көзөмөлгө алып баштаганына бир жума болгон соң, чечүүчү чабуул башталганы айтылууда.

Ал арада “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топ Багдаддын тегерегинде удаа жардырууларды жасаганын жар салды, 30-майда андан кеминде 20 киши мерт кетти.

Ирак аскерлери артиллерия жана танктардын колдоосу менен алдыга жыла башташты. Бир катар агенттиктер билдиргендей, чабуул үч багытта башталды, анын негизги максаты шаарды ээлеп алуу.

Фаллужа шаары мындан эки жыл мурун “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топ ээлеп алган Ирактын биринчи калаасы болгон. Ал өлкө борбору Багдаддан 50 чакырым алыстыкта жайгашып, диний радикалдардын таянчу чебине айлантылган. Ислам мамлекетине чейин шаарды “Аль-каида” экстремисттик тобу көзөмөлдөп келген.

Ал Мосулдун катарында “Ислам мамлекети” аталган топ көзөмөлдөгөн эки ири шаардын бири.

Ал эми Багдадда жана анын жанындагы райондордо 30-майда үч жардыруу болду. Алардын биринде бомба коюлган машина шииттер басымдуулук кылган Шааб районунда жарылган. Андан сырткары Багдаддын түндүгүндөгү Тармия базарында, Багдаддын жанындагы Садр шаарында жардыруу болуп, курмандыктарга алып келди. Жаралангандар бар болгондуктан курмандыктардын саны өзгөрүшү мүмкүн.

Чабуулдар башталаардын алдында Ирак өкмөтү шаар тургундарын Фаллужадан чыгып кетүүгө үндөгөн. Бирок шаардыктардын баары эле бул чакырыкты аткара алган жок.

Image caption Фаллужа шаары

Бир катар медиалардын маалыматына ылайык, 300 миң калктуу шаарда 50 миңдей жай тургун калган жана алар үйлөрүнөн чыга албай турушат. Айрым маалыматтарга караганда, аларга тамак-аш жетишпей, ачарчылыкта күн кечирүүдө.

Фаллужа шаарынын стратегиялык мааниси зор. Ал Багдаддан Сирия менен Иорданияга чыккан чоң жолду көзөмөлдөйт жана ошондой эле "мечиттер калаасы" катары белгилүү - шаарда 200дөн ашуун мечит бар.

Шаар сунниттердин каршылык кыймылынын негизги борбору. 2004-жылы АКШ аскерлерине каршылык көрсөтүүнүн символу болгон.