Сирия оппозициянын негизги өкүлү отставкага кетет

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мохаммед Аллуш

Сирия оппозициясынан сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Мохаммед Аллуш делегациядагы ишин токтотуп, отставкага кетүүдө. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Режимдин көк беттигинен жана Сирия элине каршы бомба чабуулдары менен агрессиянын уланып жаткандыгы сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы игйиликсиз кылды”, - деп түшүндүрдү отставкасын Аллуш.

Сириянын оппозициялык делегациясынын башчысы Асаад аль-Зуби “Аль-Арабия” телеканалына мындай деп билдирди: “Эгер Аллуштун отставкасы тастыкталса, мен дага отставкага кетем”.

Мунун артынан телеканал негизги сириялык оппозициялык топто – Сүйлөшүүлөр боюнча жогорку комитет – реформа болоорун кабарлады.

Сүйлөшүүлөр боюнча жогорку комитет өткөн жылдын декабрь айында түзүлгөн. Ага ар кандай оппозициялык топтордун отуз өкүлү кирген.

Аллуш Комитетке “Жейш аль-Ислам” куралдуу топтун атынан келген. Анын тарапташтары Дамасктын жанындагы Аль-Гута оазисин көзөмөлдөйт.