Науруда кулчулукту тыйышты, ал эми гомосексуализмге уруксат беришти

Сүрөттүн автордук укугу

Науру аралындагы бийликтер өлкөнүн кылмыш боюнча мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, андан гомосексуализм менен жанкечтиликти алып салышты.

Андан сырткары, мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр боюнча кулчулукка тыюу салынды. Буга чейин ага көз жумду мамиле жасалып келген эле. Ошондой эле энелерге жаңы төрөлгөн балдарын өлтүргөнгө тыюу салынды.

Жыныстык зордуктоо жөнүндө түшүнүктөр мыйзамда кыйла кеңейтилип берилди.

Бул Науруда Кылмыш Кодекси 19-кылымда кабыл алынгандан кийинки эле эң ири өзгөртүүлөр болуп калды. Ошол эле учурда бойдон алдыруу Науруда мыйзам тыюу салган кылмыштуу иш бойдон калды.

Эл аралык уюмдар бул чечимдерди куттуктап колдоп чыгышты. Алардын айтымында Науру гендердик теңчиликти колдоп жана жыныстык азчылыктардын укуктарын коргоп, Тынч океан өлкөлөрүнө жакшы өрнөк көрсөтүп жатат.

Укук коргоочулар ошол эле учурда өлкөнүн кылмыш мыйзамдарынын реформасы жетиштүү деңгээлде болгон жок деп жатышат. Алардын пикиринде, мыйзамдагы соңку өзгөртүүлөр аралдагы жашоочулардын арасындагы жүздөгөн качкындардын кейиштүү абалын эч жеңилдетпейт.

Аралга келген качкындардын арасынан айрымдары жашоодон үмүт үзүп, өз жанын өзү кыюуга аракет кылгандан кийин гана бийликтер жанкечтиликти кылмыштардын тизмесинен чыгарып салып жатышат.

Науру – Тынч океандагы аралда жайгашкан мамлекет. Анын аянты 21 чарчы километрди түзөт, ал эми калкынын саны 10 миңдин тегерегинде.