Эмнеге кош бойлуулук спортко тоскоол болбойт?

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Олимпиадага кеминде 17 кош бойлуу катышкан

Көптөгөн профессионал спортчу айымдар боюна бүткөндөн кийин дагы машыгуусун улантат, керек болсо мелдештерге катышат. Эл аралык олимпиадалык комитеттин (ЭОК) буюртмасы менен жасалган жаңы докладга ылайык, кош бойлуу кезде спорт менен машыгуунун тобокелчилиги өтө аз экен.

1983-жылы 20-мартта Британиядагы Дүйнөлүк чуркоо чемпионатында норвегиялык узак аралыкка чуркаган Ингрид Кристьянсен старттык сызыктан орун алды.

Акыркы эки апта ичинде ал бир аз чаргандай болуп жаткан. Аны ал АКШга болгон акыркы эки сапарына байланыштырып койгон. Аны чемпионатта биринчи келе тургандардын бири деп жатышкан. Анткени эки ай мурда Хьюстондогу марафонду жеңген.

Бирок спортчуну таң калтырып, андай болгон жок.

“Биринчи айлампаны мен норвегиялык топтун ичинен эң жай чуркап өттүм. Машыктыруучум эч нерсе түшүнбөй калды”, - деп эскерет спортчу айым.

Кристьянсен өз тобундагы спортчуларды артта калтырды, бирок жалпы эсепте 35-орунда келди.

“Машыктыруучумун аялы телевизордон көрүп жаткан экен. Күйөөсүнө чалып, “Ингрид кош бойлуу эмеспи?” деп сураптыр”, - деди спортчу.

“Ал мен кандай чуркап келатканыма көңүл бурса керек. Балким денемдин үстүңкү бөлүгү оор болсо керек, так билбейм. Бирок ал байкаптыр”, - деп улантат Кристьянсен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Сегиз айлык боюнда бар малайзиялык ок атуучу Нур Суриа Олимпиадага катышканда ал тууралуу кадрлар дүйнөгө тараган

Кийин Кристьянсен кош бойлуу экени такталган. Демек ал Хьюстондогу марафондо эки саат 33 мүнөт чуркап, кош бойлуу кезинде жеңген экен.

Спортчу айымдардын минструалдык айлампасы көп бузулгандыктан боюна бүткөнүн билбей калган учурлар болот. Кур дегенде 17 спортчу айым кош бойлуу кезинде олимпиадалык оюндарга катышкан.

Алардын айрымдары албетте ал тууралуу билчү. Сегиз айлык боюнда бар кезде катышкан малайзиялык ок атуучу Нур Суриа тууралуу кадрлар дүйнөгө тараган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Алисия Монтанон сегиз ай боюнда бар кезде чуркоо мелдешине катышкан

Лыжа жарышы боюнча дүйнөнүн алты жолку чемпиону Марит Бьорген курсагы менен Скандинавияда командасынын машыгуусуна келип, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

2014-жылы июнда АКШ ЖМКсы сегиз айлык боюнда бар кезде Алисия Монтанонун 800 метрге чуркоо боюнча АКШнын чейрек финалындагы видеосун жайган. Британ медиасы да маал-маалы менен төрөрүнө аз калган аялдардын спорттук мелдешке катышканы тууралуу жазып турат.

Коркунуч барбы?

Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK
Image caption Кош бойлууларга өзүн жана денесин угууну сунушташат

Жакында окумуштуулардын тобу Эл аралык олимпиада комитетинин өтүнүчү менен ушул темада изилдөө жүргүздү. Таасирдүү жыйынтык Британиянын медициналык журналынын беш бөлүгүндө жарыяланды. Изилдөөнү ийне-жибине чейин түшүнүү оңой эмес. Бирок негизги мааниси түшүнүктүү.

“Жогорку класстагы спортчу айымдардын кош бойлуу кезин изилдеген саналуу гана олуттуу изилдөөлөр бар. Бирок алардын көбү машыгуусун улантат экен жана бул аларга тескери таасир берген эмес”, - дейт Норвегиянын спорттук илимдер мектебинин профессору Кари Бё.

“Бул энеге да, балага да зыян алып келбейт көрүнөт”, - деп кошумчалады окумуштуу.

Спортчу аялдар башка кош бойлуу аялдарга салыштырмалуу тобокелге барчу шартта эмес деди профессор. Анын айтымында, кош бойлуу кездеги же төрөт учурундагы маселелер атлеттерде да болот. Бирок аны көп кыймылдоого байланыштыруу туура эмес.

Ошол эле учурда спортчулар курсагында баланы көтөрүп жүрүүсү жана төрөтү жеңил болот деген да далил жок.

Узак мезгилдер кош бойлууларга оорчулук келсе, аялдардын репродуктивдик функциясы бузулат деген түшүнүк бар болчу. Бирок мунун илимий далили жок. Ал балким эне менен баланын ден соолугуна кам көрүүдөн мурда гендердик ролго байланыштуу болсо керек.

Машыгууларды түйүлдүк кандай көтөрөт?

Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK
Image caption Дарыгерлер машыгуу учурунда аялдар өтө ысып кетпеш керек дешет

1980-жылдары изилдөөчүлөр көнүгүү жасоо учурунда аялдардын кычкылтекке, кан айланууга жана азыктандырчу заттарга болгон муктаждыгы түйүлдүктүн муктаждыгы менен бирдей дешчү. Демек, эгер аял машыгып жатса, бала кандайдыр бир ресурстарды албай калышы ыктымал.

“Кайсы бир мааниде бул туура. Бирок спортчу аялдар канды натыйжалуу бөлүштүрөт. Андыктан балага зыян болбойт. Ошол эле учурда плацента көнүгүү учурунда жакшы азыктанат”, - дейт Бё.

Кош бойлуу аялдардын организминде жылуулукту көзөмөлдөө (ошондуктан алар айрым учурда көп тердешет) жакшырат жана жүрөк-кан тамыры жакшы иштейт. Гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам муундарда ийилчээктик пайда болушу мүмкүн. Ал эми эритроциттер көп болсо, органдар менен ткандар кычкылтек менен жакшы камсыз болот.

Изилдөөлөр кош бойлуу кезинде машыккан профессионал спортчу айымдар төрөгөндөн кийин бир нече ай бою кычкылтекке 5-10 пайыз көп муктаж болоорун көрсөттү. Бирок спорт менен сүйүүчү катары машыккандарда андай нерсе байкалган эмес.

Эмне кылыш керек жана кылбаш керек дегенди санагандын ордуна, кош бойлуу аял өзүн жана денесин угуш керек дейт Бё. Эгер жасап жаткан бир аракетиңиз сизге туура эместей сезилип жатса, кылбай койгон жакшы.

“Бизде бар изилдөөлөргө ылайык, кош бойлуу спортчу айымдар машыгуулардын аралыгын жана күчүн өздөрү эле азайтат. Ичи чоңоюп баштаганда ошентишет. Бала өзү менен кошо секиргени аялга жагымсыз болот”, - деди профессор Бё.

Кош бойлуулук жана машыгуу: кеңештер

  • Профессор Бё аялдар өзүнүн абалын өзү баалап, чечим чыгарыш керек деп эсептейт. Бирок ага карабай бир нече кеңешин берди.
  • Биринчи үч айда (12 апта) дененин ашыкча ысып кетүүсүнөн качыш керек. Жеңил кийиниш керек, жакшы жел кирген бөлмөдө машыгыш керек. Айрыкча ысык күндөрү машыгуу өтө оор болбош керек.
  • Спорттун күч талап кылган түрү менен машыккандар көтөргөн салмакты азайтыш керек. Оор нерселерди көтөрүү басымды жогорулатат, ал балага кандын барышын токтотот жана жамбаштын диафрагмасын чоёт.
  • Суу алдындагы машыгуу менен алектенге болбойт. Акыркы үч айлыкта кулап түшүү жана кагылышууга алып келе турган спорттун түрлөрү менен машыккан жакшы эмес.
  • Акыркы үч айда кычкылтек жутууну 90 пайызга чейин жеткирген көнүгүүлөрду жасабаш керек. Мындай учурда баланын жүрөгүнүн согушу азайганы байкалган.

ЭОКтун буюртмасы менен жсалган изилдөөнун жыйынтыгы дарыгерлер жалпыга берип жүргөн сунуштар менен негизинен окшош чыкты. Американын акушерлер жана гинекологдор колледжи кош бойлууларга аэробикалык жана күч көнүгүүлөрүн сунуш кылат.

Бирок машыгууга киришүүдөн мурда дарыгерге кайрылган оң.

Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы да аялдарга кош бойлуу кезде машыгууну улантууну сунуштайт. Бирок аялга келтирилген күч ал жай сүйлөй ала тургандай болушу кажет. Чыдамдуулугу ар кимдики ар кандай жана баштапкы спорттук даярдыгына жараша болот.

Тырышчаак эне

Сүрөттүн автордук укугу
Image caption Эва Нистром төрөттөн 24 саат мурда машыккан

Швед спортчусу Эва Нистром жети же сегиз апта боюнда бар кезде Швециянын чемпионатын жеңген. Он чакырым чуркап, велосипедде 40 чакырым жүргөндөн кийин кайра 5 чакырым чуркаш керек болчу.

Андан эки күндөн кийин дагы чуркаганы жөнөгөндө Нистром өзүн жаман сезген.

“Ал мен денемди угуп, бир аз тынчтанышым керек деген белги болчу”, - дейт спортчу.

Бирок Нистром тынымсыз чуркады. Дарыгерлерге кайрылган жок, аларга жада калса кош бойлуу экенин айткан эмес.

Нистром кош бойлуу кезинде салмак кошту жана бели ооруй баштады. Бактыга жараша, ал жылы кар көп жаагандыктан спортчу лыжа жарышына өттү. Нистром күнүнө бир сааттан машыкчу.

“Мен төрөткө 24 саат калганда машыккам. Бир аз чарчап тургам, бирок жалпысынан жакшы эле болчум”, - деп айтып берди ал.

Төрөт жакшы өттү. Уулу Саймон өтө чоң эмес төрөлдү, бирок бат эттенип кетти.

Төрөт залынан спорт залга

Сүрөттүн автордук укугу Eva Nystrom
Image caption Эва Нистром төрөгөндөн бир жыл өткөндө, 2012-жылы дуатлон боюнча дүйнө чемпиону болду

Демейде аялдарга төрөттөн кийин алты апта өзүнө күч келтирбей турууну сунушташат. Бирок Кари Бё бул абдан болжолдуу мөөнөт дейт. Боюнда бар убак жана төрөтү жеңил өткөн спортчулар бир же эки аптадан кийин машыгып башташат.

Ингрид Кристьянсендин окуясына кайтсак, 1983-жылы уулу төрөлгөндөн кийин төрт күндө машыгып баштаган. Бир айдан кийин мелдештерге катышып, дагы Хьюстондогу марафондо чуркаган. Анда эки саат 27 мүнөт жана 51 секундада келип, кайрадан жеңишке жеткен. Бул бир жыл мурдагы жыйынтыгынан беш жарым мүнөткө бат болчу.

Баласынын төрөлүшү Кристьянсендин карьерасындагы эң жаркын мезгилдин башталышы болгон. Ал марафондордо, 10000 жана 5000 миң метрлик кросстордо дүйнөлүк рекорддорду жараткан.

Эва Нистром баласы төрөлгөндөн бир жыл өткөндө, 2012-жылы дуатлон боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал машыгуулар, мелдештер жана бала эмизүүнү айкалыштырган спортчу энелердин узарып бараткан тизмесине кирет. Албетте, алар муну командасынын жана үй-бүлөсүнүн жардамы менен кылышат.

ЭОКтун өтүнүчү менен жасалган изилдөө спортчу аялдарды кош бойлуу кезинде катуу машыгууларын улантууга шыктандырат. Бирок профессор Бё этияттыкты эскертүү милдетим дейт.

“Машыгуу кооптуу эмес жана кош бойлуу кезде жаңы жашоо образын баштаса болот. Бирок машыгуудан ушунчалык көз каранды чакан топ бар. Алар машыгууга өзүн 100% арнагысы келет. Мен ал аялдарга кош бойлуулуктун акыркы эки айында азыраак машыксаңар көп нерсе жоготпойсуңар дегим келет. Бул бардык жашоонун эки гана айы, түшүнөсүңөрбү? Абайлаңыз, анткени сиз менен жүргүнчү баратат”, - деди Бё.