Би-Би-Си Кыргыз кызматына 20 жыл

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 20 жылдык юбилейин атайын мазмуундагы берүүлөрү жана ар жума сайын 3 миллион ТВ аудиториясы менен белгилейт.

1-июнь, 2016. Би-Би-Си Кыргыз кызматы 3-июнда 20 жылдык мааракесин белгилейт. Бул күнү үч башка медия платформасында атайын мазмуундагы берүүлөрү чыгарылат. Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жаңылыктарын ар жума сайын 3 миллион адам көрүп турганы аныкталды – бул өлкө калкынын жарымына барабар.

“Биз алгач обого, андан кийин ТВ жана интернетке чыккан 20-жылдыгыбызды белгилеп жатып, Би-Би-Сиге мүнөздүү жаңылыктарын, серептерин жана документалдуу берүүлөрүн ушунча көп адам угуп, көрүп, окуганына кубанып олтурабыз. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле-жаңылыктарын 3 миллион киши көргөнүнөн сырткары, биздин радиобуздун угармандарынын саны 2010-жылдагыга салыштырмалуу , бештен көп эсеге өсүп, жарым миллионго жетти,”- дейт Би-Би-Синин Борбор Азия аймагы боюнча редактору Хамид Исмайлов.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жана радио берүүлөрү, анын ичинде аптанын иш күндөрү көрсөтүлгөн ТВ жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу документалдык “Би-Би-Си Сапар” программасы Кыргызстандын Коомдук теле-радио корпорациясы аркылуу таркатылат. Аларды Би-Би-Синин вебсайты: bbckyrgyz.com, YouTube каналында: BBCKyrgyz жана Фэйсбук менен Твиттерде окуп, угуп, көрүүгө болот.

Кызматтын 20 жылдыгына арналган атайын берүүлөрдө Би-Би-Си Кыргыз кызматы өз аудиториясы үчүн маанилүү маселелерди көтөрүүүдөгү, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин эволюциясындагы ролу чагылдырылат. 3-июнда Бишкек убактысы боюнча 19:00, 20:00 жана 21:00 де (Гринвич убактысы боюнча 13:00, 14:00 жана 15:00 те) чыгуучу радиоберүүнү Лондон жана Бишкек студиясынан Би-Би-Си Кыргыз кызматынын ардагер журналисттери биргелешип алып барышат. Алар соңку 20 жылдагы негизги окуяларга сереп салышат.

bbckyrgyz.com вебсайтында жана BBC Kyrgyz YouTube каналында үч видео-талкуу жарыяланат. Бишкек менен Оштогу жогорку окуу жайларынын студенттери “Би-Би-Си Сапар” программасында көтөрүлгөн темаларды талкуулашат. Коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келген кыргыздардын отурукташуусу; сууга бай өлкөдө иче турган таза суунун тартыштыгы жана 1916-жылдагы Борбор Азиядагы 100 жыл мурунку падышалык Орусияга каршы көтөрүлүш тууралуу студенттер пикир алмашат.

Атайын берүүлөрдүн алкагында, “Би-Би-Си Сапардын” 21-июндагы чыгарылышы бир маселеге карата элдин мамилесин өзгөрткөн же болбосо жаңы мыйзамды кабыл алууга алып барган “Сапарларга” сереп салат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гулнара Касмамбетова белгилегендей, “Би-Би-Си Кыргыз кызматы соңку 20 жылда коомчулуктун көңүлүн бурган, коомдук саясатта өзгөрүүлөргө алып келген темаларды көтөрүп келди. Баш калкалаган үйү жок кишиден баштап, мөнгүлөргө аба ырайы эле эмес, адам баласынын ишмердүүлүгү да зыян келтиргени, теле-көрсөтүүлөрү жаш өзгөчөлүгү боюнча классификациялоо сыяктуу, элдин кызыкчылыгына төп келген берүүлөрү менен Би-Би-Си Кыргыз кызамты коомдук талкуулардын алдында келатат.”

Би-Би-Си Кыргыз кызматы – Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын курамына кирет.

Кошумча маалымат үчүн байланышуу:

BBC World Service Group Communications – Lala Najafova lala.najafova@bbc.co.uk

Редакторлор үчүн маалымат:

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы ( ВBC World Service) радио, теле жана санарип форматында дүйнө жүзү боюнча окуяларды англис жана 28 башка тилдерде чагылдырып турат. Дүйнөлүк кызматтын бир апталык аудиториясы 246 миллион адам. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын дагы бир бөлүгү -Би-Би-Синин англис тилин үйрөтүү бөлүмү дүйнөлүк аудиторияга англис тилин үйоңүүгө шарт түзөт. Толугураак маалымат bbc.com/worldservice сайтында. Ал эми эл аралык маалыматтарды таркаткан кеңири Би-Би-Синин, анын ичинде Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын, Би-Би-Си Эларалык ТВ жаңылыктарынын жана bbc.com/news сайтынын аудиториясы ар бир апта сайын 320 миллионго жетип турат.