Изилдөө: Орусиянын эң жакыр аймагы – Псков

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti

РИА “Рейтинг” агенттиги үй-бүлөлөрдүн экономикалык жашоо деңгээлине негизделген Орусиянын аймактарынын каржылык абалы тууралуу жыйынтыктоочу жадыбалды чыгарды.

Эксперттер керектүү бардык төлөмдөрдү берип бүткөндө адамдардын колунда канча акча калаарын эсептешкен. Изилдөөдө колдо калганы –бул, үй-бүлөлөр каалаганына жумшай турган “эркин акча” деп айтылат.

Ушул көрсөткүч боюнча, жашоо деңгээли баарынан төмөн Псков облусу болуп чыкты. Ал жерде эки балалуу үй-бүлөлөрдө минималдык чыгымдарды кылгандан кийин 570 рубль колунда калат. Бир жыл ичинде Псковдуктардын эркин ресурсу 93 пайызга кыскарган.

Эркин ресурстардын көлөмү Дагестанда да азайган. Ал тизмеде акыркыдан мурунку орунду ээлеген. Бул аймакта эки балалуу үй-бүлөдө орточо 2400 рубль калат, бул өткөн жылга салыштырмалуу 75 пайызга төмөн.

Жалпы алаганда, орусиялыктар өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга жакырланган.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, 26 аймакта эки балалуу үй-бүлөлөрдө эркин каражат айына 10 миң рублга жетпейт. Ал эми 2014-жылы мындай аймак Орусияда алты гана болчу. 18 региондо эки балалуу бүлөлөр 10-15 миң рубль эркин каражатка ээ.

Калгандарынын абалы

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Псковдо эки балалуу үй-бүлөлөрдө минималдык чыгымдарды кылгандан кийин 570 рубль калат

РИАнын рейтинги боюнча, эң бай аймак Ямал-Ненецк автоном округу. Бул жерде жашаган жана эки баласы бар үй-бүлөлөрдө минималдык чыгымдарды кетиргенден кийин 91,5 миң рубли (1360 доллар) калат. Бир балалуу бүлөдө 106,7 миң рубль (1600 доллар) болот.

Андан кийин Чукотка автоном округу келет. Бул жерде эки балалуу бүлөнүн эркин акчасы 90 миң рубль, бир балалуулардыкы 106,8 миң рубль.

Москва үчүнчү орунда турат. Эки балалуу үйдө чыгымдардан кийин 69,4 миң рубли колунда калат. Бир балалууларда 82,1 миң рубль бар.

Алдыңкы бешке Сахалин облусу жана Ханты-Мансийск автоном округу кирди.

Санкт-Петербург сегизинчи сапта. Эки балалуу үйдүн 46,2 миң рубль, ал эми бир балалуунуку 55,8 миң рубли болот.

Москва облусу 11-орунду алып, эки баласы бар бүлөнүн эркин колдонгонго 35,8 миң рубли бар болуп чыкты.

Орточо алганда, Орусияда 2015-жылы эки баласы бар үй-бүлөдө ар ай сайын минималдык төлөмдөрүн кетиргенден кийин 28,1 миң рубли калат. Ал эми бир балалуу үйдүн бир айда 37,6 миң рубли болот.