Түркия менен Орусия элдеше алабы?

Image caption Эмил Жураев. Сүрөт эксперттин архивинен алынды

Орусиянын Түркия менен чатагынан улам киргизген экономикалык санкциялары Кыргызстандык айрым товарларды алып өтүүгө бөгөт койгондон тышкары, Орус бийлиги Федерациядагы түрк тилдүү республикалардын Түркия менен маданий кызматташтыгына тыюу салды. Бул теманы Би-Би-Си саясий серепчи Эмиль Жураев менен бирге талкуулады.

Акчолпон Койчиева: Орусия менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык чатак Орусия таасири алдындагы мамлекеттерге кандай таасирин тийгизип жатат?

Эмиль Жураев: Менимче, Орусиянын жакын өнөктөштөрү үчүн бул маселе кыйын болуп турат. Буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттер менен Түркия дагы, Орусия дагы тыгыз кызматташтыкта болуп келген. Ошонуктан Кыргызстан жана анын коңшулары азыр кыйын абалда турабыз.

Акчолпон Койчиева: Орусия стратегиялык өнөгүмүн деген Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүшүнө таасир этеби, чын-чынында жол береби деп деле сурайт элем.

Эмиль Жураев: Буга чейин эле байкап келатканыбыздай, мынчалык жакын, маанилүү болгон өнөктөш Орусия Кыргызстандын чет мамлекеттер менен болгон байланыштарына сөзсүз түрдө таасир берип турат. Биз өз алдыбызча мамлекет болгонубуз менен экономикалык, саясий, маданий суроолорду Орусия менен макулдашпай туруп чечим чыгарышыбыз өтө кыйын болуп калган. Экинчиден, Евразия экономикалык биримдикке кошулуп, дагы тыгыз мамиле кура баштадык. Ошондуктан Москва менен орток пикирге келбей туруп, мындай суроолорду чечүү өтө кыйынга турат.

Акчолпон Койчиева: Путин Түркияны "Ислам мамлекети" тобунан мунай сатып алууда деп айыптаганын түрк премьер-министри Советтик заманда болгондой эле пропаганда деп атады. Кыргызстандын коомчулугу мындай пропагандага эч кандай коргоосуз, ачыктан ачык кабылып жатат, ушуга макулсузбу?

Эмиль Жураев: Мындай көрүнүш бар. Бул Орусия менен Түркия чатагы болгонго чейин эле айтылып келген. Чынында, бизде маалыматтык коопсуздук маселеси өтө чабал корголот. Мисалы Украина маселеси, дагы башка дүйнөлүк окуяларды Кыргызстан Орусиянын көз-карашы менен түшүнүп келүүдө.

Акчолпон Койчиева: Демек бул кандай кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Эмиль Жураев: Кыргызстан жана анын жетекчилери үчүн бул кыйынчылыктарга алып келе турган маселе. Кайсы гана өлкө болбосун тышкы саясат боюнча рационалдуу чечимдерге барышы керек. Эгерде Кыргызстандын жарандарынын көз-карашына башка мамлекет тарабынан таасир берилсе, бул көз карандысыздыгыбызга доо кетириши мүмкүн. Бул өлкө үчүн коркунучтуу, бирок бул факт. Бул жөнүндө олуттуу маселе козголчу учур келди.