БУУ сириялыктарга тик учак менен гумжардам берүүгө даяр

Сүрөттүн автордук укугу ICRC SYRIA
Image caption Сириядагы Дарайя шаарына жардам жетти

БУУ Сириянын катуу согуш жүрүп жаткан шаарларына башка жол менен гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн эмес болгондуктан тик учактарды колдонууга даяр экенин билдирди.

Гумжардамды абадан ыргытуу шартын БУУнун Коопсуздук кеңеши жума күнү талкуулайт. Бирок БУУнун өкүлү Стефан Дюжаррик азыр эле бийиктен жүк ыргытуу эл жыш жайгашкан райондордо болбойт деп жатат.

БУУнун өкүлүнүн сөзүнө караганда, тик учак менен баруу ал жерде конуп, жүктөрдү түшүрүү учурунда күтөт дегенди түшүрөт. Дюжаррик гуманитардык жардамды мындай жол менен алып баруу кооптуу деди, бирок ал БУУ тобокелчиликке барууга даяр экенин билдирди.

Сириянын көптөгөн шаарларында тамак-аш, суу жана дары абдан тартыш болууда. Айрыкча мамлекеттик аскерлер курчап турган Дарайя шаарындагы кырдаалды курч дешүүдө. Бул шаарга 2012-жылдан бери биринчи гумжардам ушул аптада жетти.

БУУ гуманитардык жардамды айрым учактарга буга чейин да таштаган, бирок ал дайыма эле мүмкүн эмес.

Сирияда 2011-жылдан тарта президент Башар Асад менен козголоңчулардын арасында жарандык согуш уланып келатат. Андан сырткары 2014-жылдан бери өлкөдө “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топ активдүү болуп жатат.

БУУнун маалыматтарына караганда, конфликт учурунда 200 миңден ашык адам өлдү. Ушу тапта өлкөдө элдешүу жараяны жарыяланган. Бирок террористтик деп табылган уюмдарда, анын ичинде “ИМде” ал кабыл алынбайт.

Натыйжада, мамлекеттик аскерлер жана оппозиция согушчандар менен күрөштү улантууда. Алар өз кезегинде мурда көзөмөлүнө алган шаарларды кармап калуу үчүн жай тургундарды тирүү калкан катары колдонууда.