Окумуштуулар: эмчек рагын 10 жылга чейин дарылаш керек

Окумуштуулар көкүрөк рагы менен ооруган аялдар дарыланууну он жылдан ашык улантышы керектигин кеңеш берет.

Оорулуу дары колдонууну 5 жылдан 10 жылга чейин улантса, рактын кайра кайталануу коркунучу азаят. Бул тууралуу жыл сайын Чикагодогу клиникалык онколигияда өтүүчү симпозиумда америкалык-канадалык изилдөөчүлөр айтып чыкты.

Эмчек рагы көп учурда аялдын организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдүн деңгээлинен көз каранды.

Адатта оорулуулар эмчектеги шишикти алып салгандан кийин 5 жылга чейин дары колдонуп келишет.

Окумуштуулардын жаңы ачылышы мындан ары миллиондогон аялдардын дарылануу жолун өзгөртөт. Оору чыгаруучу гормондорду ооздуктаган дары учурда бүт дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү экенин айтат изилдөөнүн авторлору.

Изилдөөгө айызы токтоп турган 1918 аял катышып, алардын баары эмчек рагынын алгачкы стадиясында болгон. Аларды дарылануу убактыларына жараша эки группага бөлүшкөн.

Иликтөөнүн жыйынынтыгында, 10 жылдан ашык дары колдонгон аялдардын 95% оорунун кайра кайталануу кооптуулугу жок болгон. Ал эми 5 жылдай дарылангандардыкы 91% көрсөткөн.

Деген менен рак оорусуна бөгөт коючу дарылар көптөгөн терс таасирлер менен да коштолот. Аял жүрөгү айланып, эч нерсеге көңүлү тартпай кыйналат. Ошондой эле бул дары сөөк сындырып алуу коркунучуна да алып келиши ыктымал.