Эрдоган баласыз аялдарды чыныгы аял эмес деди

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эне болуудан баш тарткан аялдар, чыныгы аял эмес деди.

Түркия лидери Стамбулда “Аялдар жана демократия” ассоциациясынын жаңы имаратын ачып жатып, аялдарды балалуу болууга жана кеминде үч бала төрөөгө чакырды.

Эрдоган ошондой эле ийгиликтүү карьера кылган аялдарды колдоорун, бирок жумуш жарык дүйнөгө бала алып келүүгө тоскоол болбош керек экенин билдирди.

Эрдогандын айтымында, энеликтен баш тарткан аял адам баласынын тукум улоосун коркунучка кептейт.

“Мен иштеп жаткандыктан эне болбойм деген аял чындыгында өзүнүн аялдык сезимин танып жатат”, - деген Эрдогандын сөзүн Фран пресс басты.

Мурдараак Эрдоган үй-бүлөнү пландоо жана бойго бүтүүдөн сактануу мусулман үй-бүлөсүнө туура келбей турганын айткан.

“Ачык айтам: биз төрөлүүнү, калктын санын жогорулатабыз. Үй-бүлөнү пландоо, төрөлүүнү көзөмөлдөө – бир дагы мусулман үй-бүлөсү мындай ой жүгүртүүнү колдобойт”, - деп жазган Hurriyet гезити.

Төрөлүүнү өстүрүү жана сактануудан баш тартуу чакырыгы Жаштар жана билим берүү фондунун 20 жылдыгына арналган сөзүндө орун алган. Президенттин оюнда, үй-бүлөнү пландоо Түркия калкынын өсүшүнө тоскоол болот.

Ассошиэйтед пресс агенттиги жазгандай, Эрдоган аялдар эркектерге тең эмес жана ар бири кур дегенде үч бала төрөш керек деген сөзү менен аялдар уюмдарынын сынына кабылды. Ал ошондой эле бойдон алдырууну жана ойноштуктук тыюуга чакырды.

Эрдогандын төрт баласы бар. Түркия президенти мурда да сактанууга каршы экенин билдирген. Бир нече жыл мурда бойго бүтүүдөн сактануу мамлекетке чыккынчылык кылуу деген.

Анын билдирүүсүн аял укугун коргогондор менен феминисттер кескин сындоодо.

Өткөн жылы Түркиянын калкы 78,7 миллион адамдан ашкан. 2000-жылы ал 68 миллиондон аз болчу. (AK)