Казакстан: Актөбөдөгү операцияда төрт киши өлтүрүлдү

Сүрөттүн автордук укугу Youtube

Казакстандын ички иштер министрлиги Актөбө шаарындагы операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүү делген төрт киши атып өлтүрүлүп, жети киши кармалганын билдирди.

Алдынала маалыматтарга караганда, кечээ саат 14.30 чамасында белгисиз кишилер курал-жарак саткан "Паллада" дүкөнүнө кол салышкан. Ал жерде сатуучу жана коопсуздук кызматкери каза тапкан. Ок атышуу болуп жаткан жерге келген полиция кызматкерлеринин үчөө жаракат алган.

Андан соң кылмышкерлер дагы бир курал саткан дүкөнгө кол салып, ал жерден бир кишинин өмүрүн кыйышкан. Куралданган кишилер андан ары Актөбөдөгү аскер бөлүгүнө бет алышкан.

"Аскер бөлүгүнө кол салуу үчүн кылмышкерлер машруттук автобусту барымталашкан. Жүргүнчүлөр менен айдоочуну түшүрүп салып, аскер бөлүгүнүн аймагына дарбазаны жарып киришкен да башаламан ок чыгарышкан»,-деп билдирген Интерфакс агенттигине ИИМдин маалымат катчысы Алмас Садубаев.

Маалыматтарга караганда, аскер бөлүгүнүн аймагында үч аскер кызматкери окко учуп, алтоо жарадар болгон.

"Нөөмөттө турган сакчы курал колдонуп, алардын андан ары кирип келүү жолу кесилген. Андан соң полиция кызматкерлери жетип келип, ок атышуудан бир кылмышкер атып өлтүрүлүп, бирөө жарадар болуп колго түшкөн»,-деп түшүндүрдү Садубаев.

Кол салгандардын дагы үчөө полиция менен болгон ок атышууда атып өлтүрүлгөн. ИИМ кол салган топтун радикалдуу диний агымдарга тиешеси болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Актөбөдө өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, соода түйүндөрү жабылып, коомдук транспорт жана эс алуу жайлары иштебей турат. Шаарда атайын операция уланууда. ИИМ кол салгандардын бир нечесин издеп жатат. Интернетте окуянын жакын жердеги видео байкоодон тартылып калынган тасмасы пайда болду. Тасмада көчөдө кеминде 16 чамалуу куралдуу кишилердин баратканы тартылган.

Полиция тургундарды көчөгө чыкпоого чакырып жатат. Мектептердеги экзамендер артка жылдырылды. (AbA)