Орусия Януковичти Украинага берүүдөн баш тартты

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Владимир Путин Януковичтин качышына Орусия жардам бергенин ачык айтты

Орусиянын Башкы прокуратурасы Украинанын экс-президенти Виктор Януковичти кармап, Киевге берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу орус көзөмөл органынын расмий өкүлү Александр Куренной билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы февралда украиналык укук коргоо органдары “Виктор Януковичти убактылуу кармоо жана камоо” тууралуу өтүнүч жиберишкен. Кеп кылмыш иштеринин бирин тергөө тууралуу болуп жатат. Так кайсы иш экенин орус чиновниги айткан жок.

Куренной билдиргендей, Москва 1957-жылдын 13-декабрындагы Европа конвенциясына таянып, Украинанын өтүнүчүн четке какты.

Конвенциянын үчүнчү беренесине ылайык, “эгер кылмыш түрүн сурап жаткан жак саясий мүнөздө карап жатса” , ошондой эле “катардагы кылмыш ишине байланыштуу адамды берүү өтүнүчү соттук куугунтук же анын расасына, динине, улутуна жана саясий ишенимине карап жазалоо максатын көздөп жатса” жаран өткөрүп берилбейт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Майдан аянты, Киев

Виктор Янукович Украинадан 2014-жылдын февраль айында массалык каршылыктардан кийин качкан. Украина прокуратурасы 2014-жылдын 18-февралында Янукович укук коргоо органдарынын жетекчилерине Майданды таратуу үчүн “өз ара уюштурууну” буюрган деп эсептейт.

2014-жылы кышта каршылык акциялары учурунда Киевде 106 киши өлтүрүлгөн жана миңден ашыгы жаракат алган. 19 милиция кызматкери өлгөн.

Жакында Януковичтин адвокаттары анын аты аталган тогуз кылмыш ишинин иш кагаздарынын тизмесин жарыялады.

Ал Майдандагы өлтүрүүлөр, Сухолучье иши (Януковичтин аңчылык резиденциясы бар жер), кылмыштуу уюм түзүү боюнча иш, өмүргө кол салуу коркунучу тууралуу иш, Майдандагы кылмышты туура эмес тергөө, Межигорье иши (Януковичтин негизги резиденциясы жайгашкан жер), “Укртелеком” иши, “2014-жыл 16-январдагы мыйзамдар тууралуу” жана “автордук сыйлык берүү” иштери.

Адвокаттар Украинанын Башкы прокуратурасында Януковичтин Майдандагы окуялар боюнча күнөөсүнө далилдер жок дешти.