Хиллари Клинтон: менин жеңишим – аялдардын тарыхый бурулушу

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Хиллари клинтон сөз сүйлөп бүткөндөн кийин жолдошу Билл Клинтон жана кызы Челси ага кошулушту

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Демократиялык партиядан президенттике талапкер көрсөтүү күрөшүндө жеңгенин жарыялады.

Шейшембиде Нью-Жерсиде өткөн демократиялык праймериздеги жеңиштен кийин ал партия курултайынын делегаттарынын жетиштүү добушун алды. Муну менен ал АКШнын президенттик кызматына ири партиядан көрсөтүлгөн тарыхтагы биринчи аял болуп калат. Клинтон өзүнүн жеңишин бардык аялдар үчүн тарыхый бурулуш деп атады.

“Сиздердин колдооңуздар менен биз маанилүү бурулушка жеттик. Биздин улуттун тарыхында биринчи жолу негизги партиялардын биринен президенттикке аял киши чыгып жатат”, - деди Хиллари Клинтон Бруклиндеги өзүнүн толкунданган тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып. Бруклинде жүргөндө Нью-Жерсидеги демократиялык праймериздин жыйынтыктары белгилүү болду.

“Бүгүнкү жеңиш бир кишиге гана таандык эмес. Бул муундардын жеңиши”, - деп кошумчалады мурдагы мамлкеттик катчы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Берни Сандерс өзүн социалистмин дейт

Клинтон Берни Сандерс баштаган АКШдагы кирешелердин теңсиздиги тууралуу талкуу Америка саясаты үчүн маанилүү экенин айтып, өзүнүн атаандашына ыраазычылык билдирди.

Ал америкалык шайлоочуларды республикачы талапкер Дональд Трампка каршы биригүүгө чакырып, аны президенттик кызматка ылайык эмес деди.

“Ал Мексика менен дубал кургусу келбейт. Ал америкалыктарды бири-биринен ажыраткан дубал кургусу келет”, - деди Клинтон жана өзүнүн үгүтүндөгү чакырыктардын бирин кайталады: “Биз чогуу болгондо күчтүүбүз”. Ассошиэйтед пресстин эсеби боюнча, Клинтон демократтардан президенттике талапкер болуш үчүн шейшембиге караган түнү эле партиялык курултайдын делегаттарынын жетиштүү добушун алган. Бул курултай Филадельфияда июлда болот.

“Алдыда абдан кызык болот”

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дональд Трамп сахнага өзүнүн кызы Иванка (солдо) жана жубайы Мелания менен чыкты

Клинтон эл алдына чыгаардан мурда Дональд Трамп дагы өз тарапташтарына кайрылды. Ал бир нече апта мурда Республикалык партиядан президенттикке баруу номинациясын жеңген.

“Биз эми баштап жатабыз. Алдыда абдан кызык болот”, - деди ал Нью-Йоркто өзүнүн гольф клубунда сүйлөгөндө.

Анын сөзүнүн көп бөлүгү Хиллари Клинтондун жеңишине капа болуп жаткан Берни Сандерстин тарапташтарына арналды. Трамп аларды өзү тарапка өтүүгө чакырды.

Миллиардер өзү да Вермонттон сенаторлукка утулган талапкер экенин дагы кайталады. Ал Клинтон саясий түзүлүштүн бир бөлүгү экенин – анын демөөрчүлөрүнүн арасында бир катар ири корпорациялар бар экенин билдирди.

Байкоочулар белгилегендей, Сандерстин тарапташтарына Вашингтондун саясатына жана көп талапкерлердин артында турган “чоң акчаларга” ишенбөө мүнөздүү.