Тель-Авивдеги атышуу: каза болгондордун саны төрткө жетти

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Тель-Авивдин борборунда эрте менен болжолдуу түрдө эки палестиналыктын атуусунан төрт киши мерт кетти, жаракат алгандардын саны он алтыга жетти. Бул тууралуу Израиль полициясы билдирүүдө.

Буга чейин үч киши каза болуп, сегизи жаракат алганы тууралуу маалымат тараган эле.

«Эки согушчан жөнөкөй жашоочуларга ок чыгарган», - деп айтат райондук полициянын жетекчиси Ассошиэйтед пресс агентствосуна берген маегинде. Ал кошумчалагандай, кол салгандардын бири ошол жерде камакка алынды, экинчиси жаракат алган абалда ооруканага жеткирилген.

Сураски медициналык борборунан кабарлашкандай, октон жабыр тартып, ооруканага оор абалда келип түшкөн израилдик төрт жаран көпкө узабай көз жумду.

Окуя Израилдин коргоо министрлигинин имаратына жана борбордук аскердик штабка жакын жерде орун алган. Ошондой эле бул райондо кафе-ресторандардын көп жайгашканы айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тель-Авивдин полициясы, бул кол салуу израилдиктерге каршы багытталганы ачык эле көрүнүп турат деп эсептейт.

Израилдин телекөрсөтүүлөрүнүн бирине шаардагы базар кафелеринин бириндеги видео көзөмөлдөгүчкө сакталып калган видео жарыяланды. Ал жерден эки куралчан эркек кафеде отургандардын ичинен ордунан козголгондорду жана ызы-чууга түшкөндөрдү кантип атып жатканын көрүүгө болот.

Сарона базар аймагынын жетекчиси маалым кылгандай, анын жан сакчылары куралчандарды ичине киргизүүгө тоскоолдук жараткан. Бул масштабдуу трагедиянын алдын-алууга жардам болду.

Тель-Авивдин полициясы, бул кол салуу израилдиктерге каршы багытталганы ачык эле көрүнүп турат деп эсептейт.