Түркияда депутаттар соттук кол тийбестиктен айрылды

Сүрөттүн автордук укугу AP

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган депутаттардын кол тийбестигин алуу боюнча жарлыкка кол койду. Мыйзам оппозициялык Элдердин демократиялык партиясынын (ЭДП) депутаттарын сот жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Президент Эрдоган бул партияны өлкөдө тыюу салынган Күрдистан жумушчулар партиясынын бөлүгү деп эсептейт.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, парламенттин 138 мүчөсүнө кылмыш иши ачылган жана тергелип жатат. Бирок азыркыга чейин сот ишин баштай албай келишкен. Бул 138 депутаттын 101и эки ири оппозициялык партиялар – ЭДП жана борборчул-солчул Элдик-республикалык партиянын мүчөлөрү.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Мыйзам долбоору майдын аягында парламент тарабынан колдоо тапкан. Аны 550 эл өкүлүнөн 376сы колдогон.

Парламенттин чечимин Эрдоган жактырды. Ал ЭДП Күрдистан жумушчулар партиясы (КЖП) менен байланышта деп эсептейт. Президент КЖП түрк шаарларындагы бир катар жардырууларды жасады деп ойлойт.

“Менин элим кайсы бир кылмышты жасаган мыйзам чыгаруучуларды каалабайт. Айрыкча сепаратисттик террористтик уюмдарды колдогондорду”, - деди Эрдоган парламент мыйзам долбоорун жактыргандан кийин. (AK)