АКШда дарыгерлер имодиум препаратынан ууланып ооруканага жаткан учурлар болуп жатканын эскертип жатышат.

АКШда дарыгерлер имодиум препаратынан ууланып ооруканага жаткан учурлар болуп жатканын эскертип жатышат.

Алардын айтымында, кээ бир адамдар ашказандын сезгенип калганын дарылоочу препаратты абдан көп санда ичип, наркотиктен мас болушууда.

Имодиумда жана башка дарыларда негизги ингредиент болуп саналган лоперамид – апийим аралашкан препарат, аны диареяны дарылоо үчүн колдонушат.

Шейшембиде АКШнын тамак-аш азыктар менен медикаменттердин сапатын көзөмөлдөгөн башкармалыгы аталган дарыны ашыкча ичүү өмүргө коркунучтуу экени жөнүндө эскертүү чыгарышты.

Соңку жылдары лоперамиддин негизинде жасалган дары-дармектерди ашыкча ичкен адамдардын ооруканага түшүп жатканы жөнүндө бир нече билдирүү агенттикке келген.

Аталган препараттын сунуш кылынган дозировкасы 8-10 мг болсо, кээ бир адамдар аны 300 мг чейин жеткирип жатканы белгилүү. Ошол себептүү соңку 39 жыл арасында 10 адам өлүм болгон.

Журналисттер билдиргендей, өлүм-житим учурлары мындан да көп болушу мүмкүн, анткени маалымат базасы толук эмес. Аталган препаратты ашыкча ичүүдөн болгон өлүмдөр эсепке кирбей калган болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда детоксикация борборлору лоперамид менен уулануудан улам тез жардам чакырган учурлар 2011-2014-жылдары 71% көбөйгөнүн белгилеп жатышат.