Окумуштуулар алгачкы "хоббиттин" калдыктарын табышты

Сүрөттүн автордук укугу AP

Окумуштуулар Индонезиядан 700 миң жыл мурдагы бир чоң кишинин жана эки кичине баланын калдыктарын табышты. Археологдордун изилдөөсү боюнча, бул кичине бойлуу хоббит.

Бир теориянын маалыматы боюнча, “хоббиттин” түпкү тегинин бою азыркы убактагы адамдын орточо боюна окшош нормалдуу болгон. Бирок миллион жыл мурун алар Индонезиядагы Флорес аралына көчүп келгенден кийин алардын бою кичирейип баштаган.

Окумуштуулардын божомолдоосунда Homo Erectus тибиндеги адамдар аралга келгенден кийин, ал жердеги ресурстардын жетишпегенинен сырткы көлөмдөрүн жогото башташкан. Табылган калдыктар көрсөткөйдөй кичирейүү процесси изилдөөчүлөр ойлогондон да тез болгон.

Табылган калдыктардык баш сөөктөрү жана тиштери адамдыкынан кыйла кичине, бирок алардын калдыктары чоң кишилерге таанымал. Бул Хоббиттин ата-бабаларынын көлөмү 300 миң жылга жакындаган деген окуумуштулардын божомолуна алып келди.

Image caption Табылган калдыктардын баш сөөктөрү жана тиштери адамдыкынан кыйла кичине

2003-жылы Индонезиядагы Флорес аралында абдан кичине, таң калычтуу жандыктынтардын “колена гоминин” (мурунку стадиядагы өнүгүп келе жаткан адам) сөөктөрү табылган. Ага илимий Homo floresiensis же флорестик адам деген ысым ыйгарышкан.

“Бул жандык биологиялык өзгөчө типке киреби?” деген суроо палеонтологдордун ичинде талаштуу бойдон калууда.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, хоббиттер Флорес аралында 100 миң жылдай жашаган жана болжол менен 15-18 миң жыл мурун жок болуп кетишкен.