Мутко ARD телеканалынын материалын Орусияга чабуул деп атады

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Министр ARD телеканалынын маалыматын ишенимсиз деди

ARD телеканалынын фильминин башкы максаты – Орусия допинг пайдаланууну дайым колдоп келет деп айыптоо болгон деп билдирди Спорт министри Виталий Мутко.

Мутконун пикирине караганда, москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченков, өлкөнүн допингге чек коюу аракеттерине күмөн жаратып, өзүнө жана спорт министирлигине каршы иштеп жатат.

“Бул бир гана немис мааалымат каражаттары менен чектелбейт. Бул атайын максатта Орусияга каршы уюштурулган чабуул. Родченков өзүнө баш калка берген адамдарга иштеп жатат. 2005-жылдан беркилерин айтып, ал бизди дагы тажатарын билебиз”,-деди Мутко.

Мындан сырткары Мутко, допинг-чатагына байланыштуу Родченковду бошоткондорду гана айыптап жаткандыгын кошумчалады. Министр ошондой эле ARD телеканалынын маалыматын ишенимсиз деп атады.

Телеканал Муткону “Краснодар” футбол клубундагы оюнчулардын допинг татып көргөндүгүн жашырууга түздөн-түз тиешеси бар деп айыптаган.

Image caption ARD телеканалы шаршемби күнү кечинде Орусиянын спортунда допинг колдонулгандыгы тууралу иликтөө -тасмасын жарыялаган

Фильмде допинг татып көргөндөрдүн, анын оң таасири тууралуу кат алышып жаткандагы кат алышуулар да көрсөтүлгөн. Алар жол-жобо үчүн “ВЛ” менен акылдашуу керектигин талкуулашат. Бул Виталий Леонтьевич Мутконун аты жөнү делет. Мутко өзү бул тамгаларды башкача чечмелесе болорун бирдирип, мындай ысымды миңдеген адамдар алып жүрөрүн кошумчалады. “Мен өзүм ага каршы болуп жатсам, кантип анан аны жашырууга көмөктөшөм? Бул күлкү келтирет”,-деп айтканын ТАСС агенттиги жазган.

ARD телеканалынын изилдөөсүндө Орусиянын спорт министринин кеңешчиси Наталья Желанованын да аты айтылган. Желанова Родченковго карата доо берүү маселесин караштырып жаткандыгын “Р-Спорт” агенствосуна билдирди. Ал айтылган маалыматтар калп экендигин белгилеп, мурда Родченков допингдин жайылышына тиешелүү деп аныкталгандыгын кошумчалады.

ARD телеканалы шаршемби күнү кечинде Орусиянын спортунда допинг колдонулгандыгы тууралу иликтөө -тасмасын жарыялаган.

Фильмдин авторлору допингди жашыруу окуясына Виталий Мутконун жеке тиешеси болгон деп ырастап жатышат. Бул теориянын басымдуу бөлүгү Родченковдун көрсөтмөлөрү боюнча түзүлгөн.

Учурда Родченков АКШда жүргөн чагы. Ал Орусияда өмүрүнө коркунуч туулгандыктан чыгып кеттим деп билдирип келет. Өлкөдөн кеткенден кийин бир сапар Сочидеги Олимпиядалык оюндарда допингдин колдонулгандыгы тууралуу маек курган.

Анын айтымында, орусиялыктардын допинг-үлгүнү жашырууга алардын атайын кызматтары жардам берген. Спорт министрлигинде бул билдирүүнү акылга сыйбаган сандырак сөз деп аташты. (AbK)