Евро-2016 оюндары башталууда

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Турнир Франция менен Румыниянын беттеши менен бүгүн башталып, финал Париждеги Стад-де-Франс стадионунда 10-июлда жыйынтыкталат

Отуз күн бою Франциянын он башка шаарында 24 команда күч сынашат.

Марселде жума күнү эртең менен футбол боюнча Европа чемпионатынын ачылышында жергиликтүү жаштар менен Улуу Британиядан келген күйөрмандар ортосунда кагылышуу болду.

Жаштар арасындагы жаңжал күчөп бара жаткандыктан полиция жаш агызуучу газ колдогууна аргасыз болду.

Чатакташуу орун алган көчө убактылуу курчоого алынды.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Марселде жума күнү эртең менен футбол боюнча Европа чемпионатынын ачылышында жергиликтүү жаштар менен Улуу Британиядан келген күйөрмандар ортосунда кагылышуу болду

Ишемби күнү Марселде Англия жана Орусия курама командаларынын беттешүүсү болот. Турнир Франция менен Румыниянын беттеши менен бүгүн башталып, финал Париждеги Стад-де-Франс стадионунда 10-июлда жыйынтыкталат.

Испания 2008-2012-жылдары жеңип алган титулун сактап калууга аракет кылууда. Эгер максатына жетсе, алар биринчи жолу чемпионатты үч ирет жеңген курама команда болмокчу.

Англия финалга тогузунчу ирет катышып жатат. Ошол эле учурда Уэльс жана Түндүк Ирландия биринчи жолу квалификацияга ээ болууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty images
Image caption 1996-жылы орун алган уюштуруу иштеринен бери мелдешке катышкан курама командарлардын саны он алтыга көбөйдү

Мелдештин тартиби

Алгач жыйырма төрт команда финалда ат салышат. 1996-жылы орун алган уюштуруу иштеринен бери мелдешке катышкан курама командарлардын саны он алтыга көбөйдү. 4 командадан турган алты группанын алдыңкы эки командасы эмдиги баскычка өтөт.

Ошондой эле үчүнчү келген эң көп гол киргизген 4 команда да эмдиги баскычка өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Башкача айтканда 8 гана команда тайпалык баскычтан өтпөй калат.

Ким жеңет?

2004-жылы Грециянын жеңишке жетиши көптөрдү таң калдырган. Ал себептен чемпионатты ким утаарын жоролмолдоо өтө татаал.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпион Германия турнирди утат деп болжогон адистер арбын. Ошол эле учурда 2008-2012-жылдары Европалык чемпионатты утуп келген Испания да үстөмдүк кылат дегендер да бар. Бирок Испания 2014-жылы Дүйнөлүк чемпионатта начар оюн көрсөткөн.

Image caption Отуз күн бою Франциянын он башка шаарында 24 команда күч сынашат

Ал эми Франциянын курама командасы өз талаасында ойноп жаткандыктан, алардын да мүмкүнчүлүгү бар.

Франция 1998-жылы Дүйнөлүк Кубокту Дидер Дешампс, Зинадин Зидан жана Лаурент Бланк сыяктуу оюнчулары менен өз тааласында жеңип алган. Алар ошол жеңишин кайталашы мүмкүн деген божомолдор да айтылып жатат. Франция букмекерде фаворит болуп келет.

Англиянын мүмкүнчүлүктөрү кандай?

Англиянын машыктыруучусу Рой Ходжсон кубаттуу жаш команда тандады. Бирок коргочуулары мыкты чабуулчуларга каршы канчалык туруштук бере алат деген суроо бар. Алар Евро-2016 жолдомо алыш үчүн 10 жолу жеңишке жетип, өздөрүн көрсөтө алышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Уэльс курама командасында көптөгөн күйөрмандардын жүрөгүн багынткан “Реал Мадриддин” жылдызы Гарет Бэйл бар

Уэльс курама командасында көптөгөн күйөрмандардын жүрөгүн багынткан “Реал Мадриддин” жылдызы Гарет Бэйл бар.

Түндүк Ирландия Англиянын төмөнкү лигаларынан келген оюнчуларга бай болушу мүмкүн, бирок, алар өздөрүнүн 10 мелдешинин бирөөсүнөн гана утулуу менен , тандоо тобунун жогорку чегин аякташты. (AbK)