Чеченстандын көчөлөрүнүн бирине Мухаммед Алинин ысмы ыйгарылды

Легендарлуу мушкер Мухаммед Али Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Легендарлуу мушкер Мухаммед Али

4-июнда дүйнө салган легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин ысымы Чеченстандын баш калаласы Грозныйдагы Киров проспектисине ыйгарылды. Бул тууралуу Чеченстан бийлигинин расмий сайтында айтылат.

«Бүт дүйнөдө аны татыктуу адам катары таанышчу. Андыктан биз анын аты ыйгарылган көчөгө кооз мушкердик зал курабыз. Биздин оюбузча, бул залда машыккан спорт чеберлери Мухаммед Али сыяктуу чемпион болушат», - деди Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров, көчөгө жаңы ат ыйгаруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Профессионалдык рингде Мухаммед Али 1964-жылы Сонни Листонду жеңип алып, оор салмак боюнча чемпион наамын алган.

Ошол эле жылы Мухаммед Али ислам динин кабыл алып, “Ислам улуту” аттуу уюмга мүчө болгон. 1967-жылы диний ишениминен улам, Мухаммед Али Вьетнамдагы согушка катышуудан баш тарткан. Ал себептен чемпион наамын жоготуп, беш жылга абакка кесилген. Сот аркылуу өкүм өзгөртүлгөнү менен Мухаммед Али бир нече жыл бою бокс беттештерине катышуу лицензиясын ала албай келген. Ал 1981-жылы бокстон биротоло кеткен.

Легендарлуу мушкер Мухаммед Али 4-июнда дүйнөдөн кайтты.

Ал өзүнүн спорттук карьерасында 56 жолу жеңишке жетип, анын ичинен 37 жолу өз атаандашын нокаут кылган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Мухаммед Алини жерге берүү жума күнү болуп, анын жүрүшү бир канча тилге которулуп, интернет аркылуу түз көрсөтүлөт.

Бокстун айынан 1984-жылы Паркинсон илдетине кабылып, бирок легендарлуу мушкер ар дайым тамаша узатып, күйөрмандарын күлкүгө бөлөп келген.

Мухаммед Алинин туугандары анын сөөгүн мушкер өзү туулуп өскөн Луисвилл шаарында жерге берүүнү пландашкан. Жерге жашыруу каадасы жума күнү болот, анын жүрүшү бир канча тилге которулуп, интернет аркылуу түз көрсөтүлөт.