Надежда Савченко орус оппозициясы менен кызматташууга даяр

Image caption "Эгер зарыл болсо, мен президент да болом", - деди Савченко Би-Би-Сиге. "Бирок мен аны каалап жаткан жерим жок, мен учууну каалайм", - деди ал

Украиналык аскер кызматкери, Жогорку раданын депутаты Надежда Савченко Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Украина менен Орусиянын мамилесин жакшыртууга болоорун, бирок бул Кремль бийлиги алмашкандан кийин гана мүмкүн экенин билдирди.

“Мен албетте адамдар түбөлүк эмес экенин түшүнөм, бул президенттерге да тиешелүү. Мен Орусияга башка президент келерин көрүп турам... Өз мамлекетинин өнүгүшү үчүн иштеген орусиялыктар чыгат. Аларда мындай адамдар бар. Бул алардын оппозициясы. Алар менен келечекте кызматташса болот”, - деп эсептейт Савченко.

“Бирок азыркы бийлик тушунда, ал бийликте канча турбасын, кызматташууга мүмкүн эмес. Украинада эле эмес, бүт дүйнөдө кызматташууга болбойт”, - деди ал.

25-майда орус президенти Владимир Путин Надежда Савченкого ырайымдуулук көрсөтүү жарлыгына кол койгон. Савченко Донбасста орус журналисттерин өлтүрүүдө айыпталып, 22 жылга кесилген болчу.

Надежда Савченкону Украинага жөнөтүп, Киевден 14 жылга соттолгон орусиялык Александр Александров менен Евгений Ерофеевди Москвага жеткиришти.

Киевде Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Савченко ага ырайым көрсөтүүдөн башка “Путиндин жолу жок болчу”, анткени “ал муну жасабаса, мен түрмөдө өлүп калмакмын, анда дүйнө Орусия эмне экенин түшүнмөк” деди.

Ал эми Украинанын чыгышындагы согуштун бүтүшү тууралуу, Савченко “эгер эки тараптуу каалоо болсо, ал эртең да бүтүп калышы мүмкүн” деди.

“Азырынча эки тараптагы элдин каалоосу бар, бирок саясий каалоо жок. Эки тараптан тең саясий каалоо болгондо согуш бир күндө токтошу ыктымал”.

“Орусиянын бул согушту токтотууга эч кандай каалоосу жок. Анткени аларга бул согуш пайдалуу. Саясатчы катары менде андай каалоо бар, бирок башка саясатчылар үчүн (украиналык) мен жооп бере албайм”, - деди Савченко Би-Би-Си кабарчысы Сара Рейнсфорд менен маегинде.