Таиланд ВИЧтин энеден балага өтүүсүн токтотту

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption ВИЧ жуктурган бул аял саксаламат бала төрөгөн

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Азия мамлекеттеринин ичинен Таиланд биринчи болуп ВИЧтин энеден балага өтүүсүн токтото алды.

Таиланддын бийлиги жүргүзгөн ВИЧ инфекциясынын тарашын алдын алуу боюнча үгүт иштеринин натыйжасында, анын энеден балага өтүүсүн токтотууга мүмкүн болду.

“Эгерде бардык мамлекеттердин дарыгерлери вирустун энеден балага өтүүсүн токтото алса, анда ВИЧ инфекциясын келечекте жок кылууга болот”, - деп билдирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эксперттери.

Уюмдун докладында жазылгандай, Таиландда эне курсагында балдардын ВИЧ жана сифилис жуктуруп алуусу бардык ооруларды жуктуруунун 1,91 пайызын түзөт. Уюмдун дүйнөлүк стандарттарына ылайык, көрсөткүч эки пайыздан ашпаш керек. Андан сырткары инвекция жуктургандар 100 миң ымыркайга 50дөн ашпаш керек.

Таиландда ВИЧ жуктурган ымыркайлардын саны 1990-жылдардын акырында үч миңден ашык болсо, 2015-жылы 86га түшкөн. ДСУнун мурунку текшерүүсүндө Таиландда 2003-жылы эне курсагында ВИЧ жана сифилис жуктуруу жалпы инфекция жуктуруулардын 10,3 пайызын түзгөн.

ДСУнун бул критерийин дүйнөдө биринчи болуп өткөн жылы Куба аткарган. Таиланддан сырткары ВИЧтин жана сифилис вирусунун энеден балага өтүү көйгөйүн Белоруссия да жеңген. ДСУнун маалыматына ылайык, Армения ушундай жол менен ВИЧтин, ал эми Молдавия сифилистин жугуусун жок кылды.

Башкаларга үлгү

2014-жылы дүйнө жүзүндө 220 миң жаңы төрөлгөн наристеден ВИЧ табылган. Бул жылы сифилис дээрлик 200 миң наристенин төрөлүп жатканда жана төрөлгөндөн кийинки өлүмүнө себеп болуп калды.

“Таиланддын буга жетишкени башка мамлекеттерге, медициналык коомчулуктарга да шык берет. Анткени азыр дүйнө жүзү ВИЧтен кутулууга болорун элестетүүгө мүмкүн болуп калды”, - деди Ассошиэйтед пресс агенттигине ДСУнун түштүк Азия программалары боюнча директору Пунам Кетрапал.

Ал мурда ВИЧтин тароосу Таиландда аймакта эң жогору болгонун кошумчалады.

Таиланд мындай жыйынтыкка төрөткө чейинки камкордук жакшы өнүккөн үчүн да жетишти. Төрөткө чейинки камкордук шаарларда гана эмес, эң эле кедей кыштактарда да өнүккөн.

Таиландда кош бойлуулардын дээрлик баардыгы ВИЧке текшерилет. Ал тастыкталса, вирусту балага өткөрбөй турган дарылоодон 95 пайызы өтөт. Энеси ВИЧ жугузган балдардын баары ага каршы дарыларды алышат.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption 1990-жылдардагы презерватив колдонуу үгүтү медиктер тарабынан жапырт мактоого алынган

Би-Би-Синин Бангкоктогу кабарчысы Силия Хаттон билдиргендей, энени дарылабаса, вирустун балага өтүү ыктымалдыгы 45 пайызга жетет. Ал эми дарылануу курсу бул көрсөткүчтү бир пайызга чейин түшүрөт.

Бирок коңшу мамлекеттерден Таиландга иштегени келген жүздөгөн аялдар бул статистикаларда камтылган эмес жана Таиланддын аймагында төрөткө чейинки камкордукту көрүшпөйт.

Болжолдуу эсептерге ылайык, Таиландда 2,7 миллион жумушчу мигрант бар. Алар саламаттык сактоо системасынан көп пайдалана албайт. Анткени тил тоскоолдугу бар, полиция маслесинен улам текшерилгенге жана дарыланууга макул болушпайт, деп билдирет UNAIDS (БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы).

Тобокелдеги топтор

FHI360 бейөкмөт уюмунун бөлүм директору Стив Миллс Таиланддын бийлиги күчүн мигранттардан сырткары, тобокелдеги башка топторго да, анын ичинде наркомандарга, секс-өндүрүшүндөгүлөргө жумшаш керек экенин айтууда.

Кумсалар менен трансексуалдарга өзгөчө көңүл бурулуш керек. Өткөн жылы Дүйнөлүк банк жарыялаган изилдөөдө 2012-жылы Бангкокто ВИЧтин таралуу деңгээли тобокелдеги ушул топто 21 пайыздан 28 пайызга чейин өскөнү айтылат.

Мамлекет акысыз камсыз кылганына карабай, инфекция жуктурган кумсалардын жана трансгендерлердин бештен бир бөлүгү гана вируска каршы дарыларды алган.

1990-жылдары бийлик жергиликтүү сойкуканаларда презерватив колдонууну 100 пайызга жеткирүүнү чечкенде инфекциянын таралуусу кескин азайган. Ага карабай 2014-жылы Таиландда СПИДден 20 миң киши өлгөн. Өлкөдө 60 миллион калк болсо, 450 миңи ВИЧ менен жашайт.