Обама АКШнын Афганистандагы аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

Сүрөттүн автордук укугу MOD
Image caption Америкалык жана европалык аскерлер Афганистандын улуттук армиясына кеңеш берип, машыктырып жардам берип жатышат.

АКШнын президенти Барак Обама афган армиясына талибдерге каршы күрөштө колдоо көрсөтүү үчүн бул жактагы америкалык контингенттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү каалап жатканын Пентагондун жогорку кызматтагы өкүлү билдирди.

Аскердик кызматкер жашыруун калуу шартында бул чечим АКШнын Аскердик аба күчтөрүн азыркыдан да көп пайдаланууга алып келиши мүмкүндүгүн айтып берди.

Мындай пландар афган күчтөрүнүн аскердик жеңилиштери менен байланыштуу болууда. Талибдер ийгиликтүү аракеттенип, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө бир катар аймактарды басып алууда.

Пентагондун өкүлү Афганистандагы америкалык аскерлер мурдакыдай эле согуштук операцияларга түздөн түз катышпай турганын баса белгиледи.

НАТОнун негизги контингенти Афганистандан 2014-жылдын аягында чыгарылган. Бирок бул өлкөдө аскердик коалициянын дагы 12 миң жоокери бар.

Америкалык жана европалык аскерлер Афганистандын улуттук армиясына кеңеш берип, машыктырып жардам берип жатышат.

Өткөн жылы октябрда Барак Обама өзүнүн президенттик кызматынын мөөнөтүнү аяктай турган 2017-жылга чейин Афганистандан бардык аскерлерди алып чыгуу жөнүндө планынан баш тарткан болчу.

Президент ошол учурда Афганистандагы америкалык аскерлердин турганы мурдакыдай эле АКШнын жана Афганистандын өзүнүн коопсуздугу үчүн зарыл экенин белгилеген.