Израиль терроризмге каршы чараларды күчөтүүдө

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Израилдин бийлиги терроризм менен күрөшүү чараларын күчөтүүнү пландап жатат. Бул кадамга өткөн шаршембиде Тель-Авивдин борборунда болгон терактык актыдан кийин барып жатышат.

Кечки тогуз жарымдар чамасында автомат жана бычак алып жүргөн палестиналык, Ятта кыштагынын жашоочулары Мухамад менен Халид Махамрэ коргоо министрлиги менен Башкы штабдын жанындагы “Сарон” соода борборундагы адамдарга ок чыгарган.

Натыйжада,израилдик төрт жаран өлдү, дагы 16 киши ооруканага жаткан.

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман террористтик аракетке түз же кыйыр тиешеси бар адамдардын баары жазасын аларын билдирди.

Теракттан бир нече сааттан кийин Израиль армиясы палестинанын Ятта кыштагын толугу менен курчоого алды. Коргоо министри он миңдген палестиналыктын Израилге кирүү уруксатын алып койду.

Либерман кол салган террористтин үйүн 24 сааттын ичинде талкалоону сунуштап жатат. Анын дагы башка сунуштарын дүйшөмбүдө министрлер кабинетинин тар чөйрөсү бекитет.

Бирок жамааттык жаза берүү жыйынтык бербейт деген адистер чыгууда.