“Орландодо адам өлтүргөн Матиндин акыл-эси ордунда эмес болчу”

Сүрөттүн автордук укугу CBS

Жекшембиге караган түнү Орландодо гей клубда 50 кишини өлтүргөн Омар Матин акыл-эсинен жабыркаган, мени такай урчу жана туугандарыма телефон чалдырчу эмес, деп билдирди журналисттерге анын мурдагы аялы.

Ситора Юсуфий Матинге 2009-жылы турмушка чыккан. Франс пресстин маалыматына ылайык, 2011-жылы алар ажырашкан, Юсуфий андан бери Матин менен сүйлөшпөгөнүн айтууда.

Анын айтымында, Матин афган тектүү америка жараны. Ал Нью-Йорк штатынын жашоочусу. Мурунку аялынын айтымында, ал күч берчү дары-дармектерди ашыкча колдончу, полицияга ишке киргенге аракет кылып келген жана гомофобиялык көз карашта эле, бирок радикал исламга ыктачу эмес.

Рейтер агенттиги Матин дээрлик он жыл дүйнөнүн эң ири G4S кайтаруу агенттигинде иштегенин жазды. Жумушунда ал курал алып жүрө алчу. Азыр ал клубда жеке куралынан же кызматтык куралынын атканы териштирилип жатат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

G4S агенттигинин өкүлдөрү бул маалыматты расмий тастыкташты. Агенттик ошондой эле анын бир кесиптеши менен сүйлөшкөн. Ал Матин адам менен сүйлөшпөгөн жана эч качан жылмайбаган адам экенин айткан.

Америкалык жруналисттер расмий эмес булактарга шилтеме берип, Матин жакында түрмөдөн бошогон радикал имам менен байланышта болушу ыктымал экенин жазышты. Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Бирок Федералдык иликтөө бюросу Омар Матин Pulse клубуна кирип ал жактагы адамдарды атканга чейин 911 чукул кызматына чалып, “Ислам мамлекети” тобуна тиешеси бар экенин кабарлаганын расмий билдирди.

Бул жихад уюму өзүнө жакын Амак агенттиги аркылуу жекшембиде Орландодогу масалык адам өлтүрүүгө жоопкерчилик алды. Бирок америкалык бийлик бул байланыш тууралуу эч кандай далил көрсөтө элек.

Флорида штатынын Орландосундагы гей клубда 50 киши өлгөн чыр 12-июнда болду. Матин 53 адамды жарадар кылды. Өзүн полиция атты. АКШ бийлиги окуяны теракт деп атады.