Трамп мусулмандарды АКШга киргизбөө чакырыгын кайталады

Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШ президентинин кызматына келүүсү мүмкүн болгон талапкерлердин бири Дональд Трамп Флоридадагы кол салуудан улам мусулмандардын Америкага келүүсүн толугу менен токтотуп туруу чакырыгын дагы бир ирет кайталады.

“Орландодо болгон окуя башталышы гана. Биздин бийлик алсыз жана эффективдүү эмес. Мен мусулмандарды АКШга киргизүүгө тыюу салууга чакырам. Катуу туруу керек”, - деп жазат Трамп өзүнүн твиттер баракчасына.

Трамптын айтымында, мусулмандар Американы жек көрүшөт жана анын тургундарына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Орландододогу түңкү клубдардын биринде болгон атышуудан 50 киши курман болду. Бул АКШ тарыхындагы куралдуу кол салуу учурундагы эң көп кишинин каза тапкан учуру.

Муну да окуңуз: Барак Обама Орландодогу кол салууну теракт деп атады

Расмий маалыматтарга ылайык, гей-клубка кол салган Омар-Матин этникалык афган, АКШнын жараны жана Флориданын жашоочусу болуп саналат. Анын жашы жыйырма тогузда.