Евро-2016: Италия Бельгияны 2:0 эсебинде утту

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Италиялык кураманын жеңиши мыкты уюшкандыктын, катуу тартиптин натыйжасы

Италия курама командасынын Европа чемпионатындагы оюну Бельгияны 2:0 эсебинде утуу менен башталды. Командалар Е тобунун курамында дүйшөмбүдө 1:1 эсебинде тең чыккан Ирландия жана Швециянын курамалары менен ойноп жатат.

Матч Лиондо “Стад Де Люмьер” стадионунда өттү.

Бельгиялыктардын дарбазасына биринчи топту биринчи таймда англиялык “Сандерленд” үчүн ойногон Эммануэлэ Жаккерини киргизди.

Италиялыктардын экинчи голун акыркы мүнөттө англиялык Премьер-лигада “Саутгемптон” үчүн ойногон Грациано Пелле киргизди.

Сүрөттүн автордук укугу ALLSPORT
Image caption Бул мелдештерде Бельгиянын курама командасы алдыңкылардан деп эсептелет

Би-Би-Синин спорттук баяндамачысы Фил Докс билдиргендей, Евро-2016нын алдыңкыларынан делип жаткан Бельгия курама командасынын биринчи оюну ирээтсиз, уюшпагандыгы менен үмүттү актаган жок.

Баяндамачы сөзүн көп нерседен үмүттөндүргөн Марк Вильмотс башында турган “Кызыл жиндердин” жылдыздуу курамы италиялыктардын коргоонуусун буза алган жок деп улантат.

Италиялыктардын салтанаты

Ошол эле учурда Антонио Контенин оюнчуларынын салтанаты оюнду мыкты уюштургандык жана катуу тартиптин жыйынтыгы болду, дейт Докс.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Конте “Челси” менен июлда ишин баштайт

Конте өзү жакында лондондук “Челси” менен үч жылдык келишимге кол койгон жана клубдун башкы машыктыруучусу катары Европа чемпионаты бүтөөрү менен июлда ишин баштайт.

Италия тарыхта бир гана жолу – 1968-жылы Европа чемпионатын уткан. Курама команда эки жолу финалга жеткен, алардын акыркысы италиялыктар испаниялыктардан 4:0 эсебинде катуу жыгылган 2012-жылкы турнир болчу.

Бельгиянын Европа оюндарындагы жетишкендиги 1980-жылы финалда Германиядан утулуп, экинчиликти алганда болгон.

Е тобундагы мындан аркы жадыбалы төмөнкүдөй: жума күнү Италия Швеция менен Тулузда ойнойт, кийинки күнү Бордодо Бельгия менен Ирландия беттешет. (AK)