Омар Матин гей клубдун такай кардары болгон

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Орландо шаарында 49 кишини атып өлтүрүп, 50дөн ашыгын жарадар кылган Афган тектүү америкалык Омар Матин ал кол салган Pulse кумсалар клубуна мурда келип турган.

Кеминде төрт күбөнүн айтымында, алар Матинди клубда ичип жүргөнүн бир канча жолу көрүшкөн. Алар Матин айрым учурда алкоголдук ичимдикти ашыкча ичип алып чыр чыгарганын байкашкан.

Дагы бир күбө бир жылча мурда Матин ага кумсалар таанышкан мобилдик приложение аркылуу жолугууну сунуштаганын, бирок жолугушуу болбой калганын билдирди.

Буга чейин басма сөздө Матин кумсалардын клубуна сексуалдык көз караштан улам кол салганы айтылган.

Image caption Омар Матин

Полиция Матин аткылоосун баштаганга чейин 911 кызматына чалып, билдирген сөзүн тактап изилдеди.

Мурда ал “Ислам мамлекети” аталган топтун атынан аракет көргөнү жатканы айтылган.

Бирок акыркы маалыматтарга ылайык, ал 2013-жылы Бостондо жардыруу уюштурган бир туугандар Жохар Сарнаевди, Тамерлан Сарнаевди жана “Аль-Каидага” иштеген бир америкалык жанкечтини колдой турганын айткан.

“ИМ” менен “Аль-Каида” террористтик уюмдары бири-бирине каршы.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Полициянын маалыматы боюнча, 2013-жылы Матин кесиптештерине Ливандагы “Хезболла” кыймылынын мүчөсү экенин билдиргени үчүн суракка алынган. Бул уюм дагы “ИМ”, “Аль-Каида” менен өз ара каршы.

Буга байланыштуу тергөөчүлөр Матиндин радикалдык көз караштарына интернеттеги пропаганда гана таасир эткен, бирок экстремисттик топтор менен түз байланышы болгон эмес деп жатышат.

Pulse аттуу кумсалар клубундагы ок чыгаруу Орландодо 12-июнда орун алды. Матин клубка тапанча жана автомат менен келип, клубдагыларга ок чыгарган.

Ал 49 адамды өлтүрүп, 53 кишини жарадар кылганга жетишкен. Өзүн полиция өкүлү аткан. Бийлик бул окуяны теракт деп атоодо. (AK)