Хиллари Клинтон Вашингтондогу праймеризде жеңип чыкты

Сүрөттүн автордук укугу

АКШнын мурдакы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтондо Демократиялык партиянын жыйынтык праймеризинде жеңишке жетти.

Бул праймериз Клинтон үчүн формалдуу гана мааниге ээ. Клинтон Демократиялык партиянын алдыда боло турган съездинде президенттикке талапкер болуп көрсөтүлүш үчүн делегаттардын керектүү санын өткөн жумада эле топтой алган болчу.

Хиллари Клинтондун талапкерлигин азыркы президент Барак Обама да колдоп чыкты.

Клинтондун командасы Вашингтондогу праймеризден кийин Берни Сандерс жеңилгенин мойнуна алат деп умүттөнүп жаткан, бирок анын жакын чөйрөсүндөгү адамдардын айтымында ал демократтардын съезди болгонго чейин эле күрөштү токтотуудан баш тартып жатканы белгилүү болууда.

Демократтардын съезди 25-28-июлда Филадельфияда болот.

Ал эми миллиардер Дональд Трамп Республикалык партиянын атынан президентикке бирдиктүү талапкер болуп калды.