“ИМ” чегинүүдө, бирок багынган жок

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шиит жикчилдери Фалужаны курчоодо Ирак коопсуздук күчтөрүнө жардам берүүдө

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикал жихадчы топ Сирияда, Иракта жана Ливияда согуштук басымга туш болууда.

Ал аймактарын жана жоокерлерин көп жоготууда, ал эми жалпысынан жоготуулар стратегиялык утулуу өңдүү көрүнүүдө.

Бирок топтун жок болуусу тууралуу сөз кылууга али эрте.

Анын жашашы үчүн туруксуздук зарыл. Жакынкы Чыгыштагы баш-аламандык ал менен салттуу согуштук мааниде күрөшүүнү оорлоштуруп жатат.

Ага кошумча, “ИМдин” душмандарынын аскердик ийгиликтери диний конфликттер менен коштолууда, бул исламчылардын пайдасына иштейт.

Позициясын жоготуу

“ИМ” Ливиядагы позициясын жоготкону даанараак байкалууда. Ал жерде улуттук биримдиктин жаңы өкмөтүнүн бириккен күчтөрү четтеги Сирт шаарында “ИМдин” таянган жерине уюшуп бастырып кирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption “Сирия демократиялык күчтөрү” аттуу “токтоо” күчтөрү “ИМдин” позицияларына кол салууда

“ИМ” Ливияда салыштырмалуу кийин пайда болду. Бул өлкөдө илгертен түптөлүп калган кландык жана уруулук система бар, анын позициясы бекемирээк.

Америкалык эсепке ылайык, Ливияда “ИМдин” беш миңдей тарапташы бар. Алар жакында Сиртке кирген жана ал жердеги портту ээлеген мамлекеттик күчтөрдүн басымы алдында чегинүүдө.

Ливия “ИМдин” жетекчилери үчүн баш калкалоо жери деген маалыматтар бар. Алардын көбү Сирияда кырдаал күн санап курчуп жаткандыктан үй-бүлөлөрүн Ливияга жөнөтүшкөн.

Ливиядагы аскердик аракеттерге Батыштын атайын күчтөрү катышып жатканы айтылууда, бирок ливиялыктар өздөрү негизги ролду ойноп жатат.

Сириянын түндүгүндө “ИМге” берилген күчтөрдүн абалы дагы кыйындады.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Сирия армиясы Алеппого кол салуу операциясын баштады

АКШнын колдоосун алган “Сирия демократиялык күчтөрү” жакында исламисчылардын колундагы Манбиж шаарын камсыздаган жолду кести.

Бул шаар Түркия чек арасынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан жана Сирияга кирип жаткан “ИМдин” тарапташтарынын стратегиялык чеби болуп эсептелет.

Анын утулушу исламчылардын “борбору” Ракканын обочо калышына алып келет. Анткени ал Түркияга кеткен камсыздоо жолдорунун баарынан айрылат.

Ошол эле маалда Ирактын түндүгүндөгү Мосул менен Ракканын арасындагы жолду кесүү аракеттери жүрүп жатат.

Ага карабай, орус авиациясы колдогон сириялык армия Алеппо районундагы кол салууну баштады.

Сирия армиясы өлкө түндүгүндөгү аймактын бөлүгүн басып алды. Ал Итриядагы жолдордун кесилишинен Ракка тарапка батышты көздөй созулуп жаткан жер.

АКШ жана башка батыш өлкөлөрү колдогон күрт, араб күчтөрү, ошондой эле Сирия армиясы “ИМ” менен күрөшүүдө согуштук жөндөмү жакшыдай сезилет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирак армиясы апрелде Фалужаны курчоо операциясын баштады

Башка майдараак жана алсызыраак топтор азыраак ийгиликке жетишти.

Бирок Москва менен Вашингтон арасындагы кызматташтыкты далилдеген эч нерсе жок.

Иракта америкалыктар машыктырган коопсуздук күчтөрү шиит топтордун жардамы менен Фалужаны курчоо операциясын аяктап жатат.

Шаардын өзүндө коопсуздугу коркунучта турган аз эмес жай тургундар бар. Жакында аларды шаардан көчүрүүгө коридор ачылганы кабарланган.

Бирок Ирак армиясынын аскердик мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелген жана Фалужадагы операция ал бүгүнкү күнү жасай ала турган жалгыз операция болуп калышы ыктымал.

Америкалык эскперттер андан маанилүүрөөк стратегиялык объект болгон, “ИМдин” Ирактагы чеби Мосул шаарын колго алышынан күмөн санашууда.

Ирак армиясы абдан чоң аймакка созулган жана тылдык камсыздоосу өтө алсыз.

Бөлүп ал да, бийлик жүргүз

Бирок айрыкча Ирактагы Рамади менен Сириядагы Пальмира кулагандан кийин “ИМ” бир катар утулууларга туш болгонунда шек жок.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жакында Багдаддагы жардыруулар ал жерде дале “ИМдин” тарапташтары бар экенин көрсөттү

Бул жеңилүүлөр “ИМдин” жеңилбес күч эмес экенин көрсөттү. Ал утулуштар “ИМ” катарындагылардын туруксуздугуна жана ыдырашына, ага кошулган чет жердик ыктыярчылардын кыскарышына алып келишим мүмкүн.

Бирок “ИМ” кол салып, жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жоготкон жок.

Жакында Багдадда жанкечтилердин жардыруусу ал жакта исламчылар бар экенин көрсөттү.

Андан сырткары исламчы сунниттердин утулуштары бул аймакта диндердин арасындагы конфликттерди курчутушу мүмкүн.

Жакында ири күрт күчтөрүнүн Сирия менен Түркия чек арасы тарапка кол салуусу Түркиянын түндүк-чыгышында Күрдистан жумушчулар партиясынын козголоңчулары менен айгышкан күрөш жүргүзүп жаткан Анкараны чочутту.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Фалужа дайыма талашсыз суннизмдин чеби болуп келген

Жашоочулары суннит Фалужаны курчоого алууда шиит козголоңчуларынын катышуусу кайрадан Иракта сунниттер менен шииттер арасында катуу конфликт бар экенин эске салды.

Бул “ИМ” кайрадан региондогу туруксуздуктан пайдаланышы мүмкүн экенин дагы бир жолу далилдеп жатат.

Ливия Каддафи режимин кулатуудан жана жарандык конфликт учурунан кийин эми өзүнө келип жатат.

Сирияда Дамаск көзөмөлдөгөн жерлерден сырткары аймактарда түрдүү топтор согушкан баш-аламан көрүнүш пайда болду. Ал топтордун көбү Батышка да, Ассаддын режимине да каршы.

Иракта болсо Багдад бийлиги мурункудай эле шииттердин колунда жана ал бийлик калкка динине карабай коопсуздук кепилдигин бере албай турган абалда.

Азыр Батышта жеңишти майрамдап, региондо согуштан кийинки түзүлүштү талкуулап жатышканда, “Ислам мамлекетин” пайда кылган жана күчтөндүргөн факторлор жоголбогонун эске алыш керек.

“ИМдин” идеялары мурункудай эле өтө алыска чейин тароого жана башка континенттеги адамдарды шыктандырууга жөндөмдүү болуп жатканда, бул топтун стратегиялык утулушу тууралуу сөз кылууга али эрте. (AK)