Сандерс шайлоодо Клинтонду колдоорун айтты

Америкалык сенатор, АКШнын президенттигине талапкер болууга ат салышкан Берни Сандерс шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Хиллари Клинтонду колдой турганын билдирди. Клинтон Демократиялык партиянын алдын ала тандоосун жеңди.

Сандерс өзүнүн миллиондогон шайлоочуларын шайлоодо Клинтонду колдоого чакырды. Ал республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен күрөшүү үчүн Клинтон менен Демократиялык партияны реформалоодо чогуу иштөө мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

Клинтон президенттикке талапткерлигин көрсөтүү үчүн делегаттардын жетиштүү добушун ала алды. Бирок Сандерс дагы деле расмий түрдө жеңилгенин мойнуна ала элек.

Клинтон АКШнын президенттигине талапкерлигин койгон тарыхта бирчинчи аял болуп калмакчы. Ал азыркы президент Барак Обаманын колдоосуна ээ болду. Республикалык партиядан алдын ала миллиардер Дональд Трамп жеңди.

АКШнын президенттик шайлоосу ушул жылдын 8-ноябрында болот. Обама экинчи мөөнөтү дагы бүтүп жаткандыктан ага катыша албайт. Трамп менен Клинтондон сырткары шайлоодо Либертариалдык партиядан Гэри Жонсон ат салышат. (AK)