Непалдын 68 жаштагы окуучусу

Чоң ата Дурга Ками Непалдагы жашы эң улуу окуучулардын бири. Ал билим алып, мектепти бүтүрүү чечимин кабыл алды.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Жакыр жашаган Ками мырза бала кезинде окуусун аяктаган эмес. Бирок азыр ал мугалим болуу максатынын өтөсүнө чыгууга бел байлады.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Ками мырза таяктын жардамы мектепке чейин күнүгө бир саат жол басып келет.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Непалдын 10 жылдык окутуу системасында ал 14-15-жаштагы окуучулар менен окуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

«Атамдын курагындагы кишини окутуу – менин тажрыйбамда биринчи жолу болуп жатат », дешет мугалимдер.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Класстташтары аны «Баа» дешет, непалчадан которгондо «ата» дегенди билдирет.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

«Мен кайгыларымы унутуш үчүн мектепке барам», - деди Ками Рейтердин фотожурналисти Навеш Читракарга. Ал жубайы каза болгондон кийин жалгыз калганын кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Навеш Читракардын кечкисин чырак менен сабак окуган жана мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан айрым учурда тамактанбаган Каминин чечимин мактоодон башка аргасы жок. «Ал абдан күчтүү жана дымактуу адам, ошондой эле акылдуу. Бирок мен анын жалгызсыраганын жана кайгылуу экенин сездим», - деди фотожурналист Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Ками жаш курагына карабай мектептеги бардык иш –чараларга, анын ичинде волейболго да катышат.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS/Navesh Chitrakar

Ал өлгөнгө чейин окугусу келет. Муну менен ал башкалар үчүн жаш курак тоскоол болот деген түшүнүктү жоюуга үмүттөнөт.