Британия: ЕБ мүчөлүгүн аныктаган референдумга аз калды

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Соңку сурамжылоого ылайык, Британиянын калкы Евробиримдиктен чыгуу же анда калуу боюнча экиге бөлүнгөнү айтылууда

Британиянын Европа Биримдиги менен мамилесин аныктай турган референдумуна саналуу күндөр калды. Жакында эле европалык жетекчилердин бири "Британия чыгып кетсе, аны менен Батыш саясий цивилизациясы кыйрайт дей бергиле" деп эскерткен эле. Би-Би-Си бул окуянын таржымалына кайрылат.

1975-жылдан бери Британия үн ката албай калды деп кабатыр болгон Консерваторлор менен Бириккен королдуктун көз карандысыз партиясы талап кыла бергенден улам, 2015-жылдагы шайлоодо премьер-министр Девид Кэмерон бул маселени референдумга коем деп убада берген эле.

28 мамлекет мүчө болгон Европа Биримдиги экономикалык жана саясий бирикме. Ал "чогуу соода жүргүзгөн өлкөлөр бир-бири менен согушпайт" деген идеяны көздөп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн. Андан бери бирдиктүү акча, базар, ачык чек ара тартиби киргизилип, бир мамлекеттей эле болуп калды.

Британиянын уюмдан чыгышын кимдер каалап жатат?

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Улуу Британиянын Евробиримдикте мүчө бойдон калаары же андан чыгып кетиши жөнүндө 23-июнда референдум өтөт

Соңку сурамжылоого ылайык, Британиянын калкы Евробиримдиктен чыгуу же анда калуу боюнча экиге бөлүнгөнү айтылууда. Бириккен королдуктун көз карандысыз партиясы май айында өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын 13 пайызын алган жана бул партия Евробиримдиктен чыгуу боюнча өнөктүктөрдү өткөрүп келе жатат. Консерваторлор партиясынын жарымы, өкмөттүн беш министри, Лейбористтик партиясынын жана Демократиялык биримдик партиясынын айрым өкүлдөрү биримдиктен чыгууну колдошот.

Алардын айтымында, Британия Евробиримдикке мүчө болгону үчүн жылына миллиарддаган фунт стерлинг төлөп, бирок анын акысына аз эле нерсе алууда. Евробиримдик Британияны артка тартууда дегенди билдирет дешет алар.

Андан тышкары алар Британиянын чек араларын толук көзөмөлдөп, бул өлкөгө иштегени же жашаганы келгендердин санын азайтууну каалашат.

Улуу Британиянын Евробиримдикте калуусун ким каалайт?

Премьер-министр Девид Кэмерон Британиянын аталган биримдикте калуусун колдойт. Өкмөттүн он сегиз мүчөсү да окшош пикирде. Консервативдик партия нейтралдуу калуу сөзүн билдирген, бирок Лейбористтик партия, Плейд Симру жана Либерал демократтар партиясы биримдикте калууну жактайт. АКШ президенти Барак Обама жана Франция менен Германия сыяктуу өлкөлөр да Британиянын биримдикте калуусун каалайт.

Британиянын Евробиримдикте калуусу көптөгөн колдоо менен өнүгүүлөрдү алып келет. Биримдиктеги башка өлкөлөр менен товар алмашууну жеңилдетет, ошондой эле коомдук тейлөөнүн каржылануусуна жардам берет.

Өлкөнүн биримдикке мүчө бойдон калуусун жактагандар Британия биримдиктен чыккан шартта дүйнө аренасында аброюн жоготот жана "жалгыз жүрүүгө" караганда, 28 мамлекет менен бирге бир уюм ичинде болуу коопсуз болот деп ишенишет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Британия уюмдан чыкса британдыктар Европада иштей алабы, виза алышы керекпи? Британияда иштеп жаткан европалыктар эмне кылат? - деген жана башка көптөгөн жагдайлар бар

Демек, Британия үчүн биримдикке мүчө болуу жакшыбы же андан чыгуу пайдалуубу?

Бул кайсы жолду караганыбыздан же эмненин маанилүү экенине ишенгенибизден көз каранды. Евробиримдиктен чыгуу чоң кадам болот, балким жалпы шайлоолордо кимдин утканынан дагы да маанилүүрөөк кадам. Бирок бул кадам өлкөнү экономиканын чөгүшүнөн куткарабы же тескерисинчеби?

Чоң бизнес негизинен Британия Евробиримдикте калуусун жактайт. Анткени бул акча менен товар айлантуу үчүн ыңгайлуу.

Башкалар болсо буга каршы пикирде, алар биримдиктен чыгуу - 28 өлкөнүн бир мүчөсү эмес, Британия жалгыз мамлекет катары соода келишимдерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат деп ишенишет.

Албетте, өлкө уюмдан чыкса британдыктар Европада иштей алабы, виза алышы керекпи? Британияда иштеп жаткан европалыктар эмне кылат? - деген жана башка көптөгөн жагдайлар бар. Булар Британия чыгып кетсе, уюм менен кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимге жараша чечилет. Ал эми Британия чыгып кетсе деле Европа Биримдиги англис тилинде иштөөнү уланта берет. (ErA)