АКШ дипломаттары Обаманы Асаддын күчтөрүнө сокку урууга көндүрүүдө

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Меморандумдун авторлору Асад америкалык коркунучту сезбесе, козголоңчулар менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барбайт дешүүдө

АКШнын мамлекеттик департаментинин 50дөн ашык кызматкери Обама администрациясынын Сириядагы саясатын кескин сындаган ички меморандумга кол коюшту.

Документтин мазмуну New York Times жана Wall Street Journal гезиттерине белгилүү болду.

Анда ок чыгарууну токтотуу режимин сириялык бийлик дайыма бузуп жаткандыктан, ага тоскоол болуш үчүн АКШ Башар Асаддын режимине каршы согуштук аракеттерди башташ керек деп жазылат.

Меморандумдун авторлору Сириядагы жарандык согушту токтотууга зарыл болгон моралдык чараларды көрүүдө шек санабаш керек экенине ишенишет.

Алардын пикиринде, “Асаддын ашыкча кыянаттыкты токтотууга жөндөмсүздүгү “ИМ” өңдүү топтордун согуш талаасында утулуп жатканына карабай, идеологиялык жактан өзүнө тартуусун бекемдейт”.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Меморандумдун авторлору Асаддын саясаты "ИМди" күчтөндүрүп жатат деп эсептешет

Мамлекеттик департаменттин өкүлү мындай меморандумду алганын тастыктады, бирок анын маанисине комментарий бергенден баш тартты.

Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы Барбара Плетт Ашер меморандумду көргөн чиновниктин сөзүнө ылайык, документтин авторлорун аны жазууга “азыркы абалды колдоо мүмкүн эмес” деген ишенич түрткөнүн айтты.

Алар Асад америкалык коркунучту сезбесе, козголоңчулар менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барбайт дешкен.

Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сириялык бийликти өлкөдө согуштук аракеттер азайып калганына карабай Алеппого бастырып кирүүдө айыптады.

Орусия АКШнын сабыры чексиз эмес экенин түшүнүш керек, деди Керри, Москванын Дамаскка көрсөтүп жаткан колдоосуна токтолгондо.

Андан кийин орус коргоо министри алардын аралашуусу менен Алепподо 48 сааттык “жымжырттык режими” киргизилгенин билдирди. (AK)