Лондондун мэри: Чыныгы исламды түшүндүрүү керек

Image caption Чиркөөдөгү ооз ачыруу кечеси

Лондондун биринчи мусулман мэри Садик Хан "Ыйык Жеймс англис чиркөөсүндө" түрдүү диндин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн ооз ачыруу кечесинде киши колдуу болгон депутат Жо Коксту эскерип, бардык лондондуктардын жыргалчылыгы үчүн жан үрөй турганын айтты. Ал Би-Би-Сиге курган маегинде ар кыл динди кармангандарды сабырдуулукка жана бири-бирин түшүнүүгө чакырды. Би-Би-Си кабарчысы Энданг Нурдин алгач андан көп диндин өкүлдөрү катышкан ифтар же ооз ачыруу кечесинин мааниси кандай деп сурады.

Садик Хан: Бул ооз ачыруунун эң жакшы жери – биз Лондондун чок ортосунда, "Ыйык Жеймс чиркөөсүндө" турганыбыз. Ооз ачыруу кечесине мусулмандар, христиандар, жөөттөр жана башка динди кармангандар катышып жатат. Бир четинен бул орозо айындагы оозду ачуу жөрөлгөсүн белгилөө болуп саналат. Ошол эле учурда мындай иш-чара коноктордун исламды жакшыраак түшүнүшүнө жол ачат.

Image caption Чиркөөдөгү ооз ачыруу.

Би-Би-Си: Ар кыл диндин өкүлдөрү катышкан көптөгөн иш-чаралар буга чейин да өтүп келгени маалым. Лондондогу түрдүү коомчулуктардын ортосунда көпүрө куруу багытында жылыштар барбы?

Садик Хан: Лондон – дүйнөдөгү өтө көп түрдүү шаар. Биздин шаарда үч жүздөн ашык тилде сүйлөшөт. Христиандар, жөөттөр, мусулмандар, хиндилер, сикхтер, буддисттер сыяктуу ар кыл динди кармангандар жашашат. Биз бири-бирибиз менен жакшыраак карым-катнашта болуп, бири-бирибизди жакшыраак билип калдык. Биз чыныгы ислам эмне экенин башкаларга үйрөткөнүбүз абдан маанилүү. Себеби тилекке каршы айрым чакан топтор исламдын атын колдонуп, кылмыш жасап жатышат; динди жамынып, террорчул аракеттерин жашырып жатышат. Бул исламдын жолу эмес экенин элге эскертким келет.

Image caption Чиркөөдөгү ооз ачыруу.

Би-Би-Си: Бүгүнкү кечеге көптөгөн кишилер келди. Бирок бул имараттын сыртындагы адамдарды бири-бирин сыйлоо керек деп кантип ынандыра аласыз?

Садик Хан: Бүгүн бул жакка келгендер өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө, досторуна, коңшуларына айта барышат деп үмүттөнөм. Рамазан айында, кайрымдуулук айында мусулмандар мусулман эместер менен бирге, чиркөөлөргө, синагогдорго барып ооз ачканы абдан маанилүү. Чыныгы исламды түшүндүрүү үчүн, ислам – тынчтыктын дини деп башкаларды ынандыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек.