Кытайда торнадодон набыт болгондордун саны 78ге жетти

Сүрөттүн автордук укугу getty

Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында болгон торнадодон жана катуу чагылгандуу жамгырдан улам кеминде 78 киши курман болду. 500гө жакын адам жабыр тартып, алардын 200дөн ашууну оор жаракат алган.

Катуу бороон 23-июндун түштөр чамасында Шанхай шаарынан коп алыс эмес Яньчэн шаарынын айланасында башталган.

Ылдамдыгы 125 км болгон катуу шамал бир саат ичинде электр линияларын үзүп, унааларды оодарып, үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.

Кырсык болгон аймактарга гуманитардык жардам жиберилди. Анын ичинде миңдей чатыр да бар.

Цзянсу- Кытайдын эң аз эл жайгашкан провинцияларынын бири.

Учурда бийликтегилер кырсыктан каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деп кооптонуп турушат.