IAAF колдогон орус жеңил атлетчилери Олимпиадага катышат

Сүрөттүн автордук укугу

Эл аралык олимпиадалык комитет (ЭОК) Жеңил атлетчилердин эл аралык ассоциациясынын (IAAF) орус жеңил атлетчилер командасын 2016-жылы Олимпиада оюндарына кошпоо чечимин колдоого алды.

ЭОКтун президенти Томас Бах Лозаннада Олимпиадалык саммиттин алкагында эл аралык алдыңкы спорт федерациялары менен жолуккандан кийин маалымат жыйынында допинг чатагына тиешеси барлардын баары, врачтар, машыктыруучулар да мелдештерден четтетиле турганын айтты.

Ал эл аралык спорт федерациялары ар бир талапкерди жеке колдосо, орусиялык жана кениялык атлеттер Бразилиядагы олимпиадага катыша алат деди.

IAAF макулдугун алгандар Риодо мурда айтылып жаткандай нейтралдуу эмес, орус желеги менен чыга алат.

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti

Эл аралык олимпиадалык комитет Дүйнөлүк допингге каршы агенттикти 2017-жылы допинг тууралуу эл аралык конференция өткөрүүгө чакырды.

Эл аралык олимпиада комитети добуш берерден мурда Мамлекеттик дума Олимпиада оюндарынан тыюу салынган дары колдонбогон спортчуларды чететтүү – бул адам укуктарын бузуу деген билдирүү кабыл алды.

Мурдараак IAAF кеңеши Орусиянын жеңил атлетчилер федерациясынын мүчөлүгүн толугу менен токтотуп, орус жеңил атлетчилердин Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышуусу укугунан ажыраткан.

16-июнда Дүйнөлүк допингге каршы агенттик орус спортчуларынын допинг текшерүүлөрүнун жыйынтыгын жарыялаган. Анда 2015-жылдын ноябрынан бери жүргөн 2947 тесттен 52синде козуткуч чыкканы айтылган.

17-июнда IAAF кеңеши Орусиянын жеңил атлетчилер федерациясын четтетүү чечимин күчүндө калтырып, орус жеңил атлетчилерин эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салган болду. (АК)