MSF: Нигерияда “Боко Харамдан” качкан 200 киши ачкадан өлдү

Сүрөттүн автордук укугу AFP

“Боко Харамдын” согушчандарынын кол салууларынан улам үйлөрүн таштап качкан 200дөн ашык адам акыркы айда Нигериянын Бама шаарында өлдү. Бул тууралуу “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, 24 миң киши жашаган качкындардын пайда болгон лагеринде “катастрофалык гуманитардык абал” жаралды.

“Биз Майдугиридеги (Борно штатындагы шаар) медициниалык мекемелерде арык балдарды дарылап жатабыз жана көп жамандык көрүп, көп нерсени баштан өткөргөн бейтаптардын жараланган жүздөрүн көрөбүз”, - деп билдирди уюмдун Нигериядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Баманын жашоочулары күндө жаңы көрүстөндөр пайда болгонун айтышууда, ачарчылыктан жана оорудан күнүнө отузга чейин адам өлүүдө, деп белгиленет уюмдун билдирүүсүндө.

“Боко Харам” тобунун согушчандары Нигерияда, Камерунда, Чадада жасалган кол салуулардын көбүнүн артында турушат.

Африка өлөкөлөрүнүн мамлекеттик аскерлери жана биргелешкен күчтөрү менен салгылашта исламчылар жоготууларга туш болгонуна карабай, топ регионго дале болсо олуттуу коркунуч болуп жатат.

“Боко Харам” Нигериянын түндүгүндө 2009-жылдан бери исламдын фундаменталисттик чечмеленишин киргизүү үчүн куралдуу аракет көрүп келатат.

Кол салуулардын курмандыктары жети жылда 20 миңдей кишиге жетти. Эки миллиондон ашыгы үйлөрүн таштоого аргасыз болду.

2014-жылдын 22-майында БУУнун Коопсуздук кеңешинин Санкциялар боюнча комитети “Боко Харамды” террористтик уюм деп кабыл алды. (AK)