Британия ЕБден чыгууга добуш берди

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Британия 43 жылдан кийин тарыхый референдумда Евробиримдиктин курамынан чыгуу үчүн добуш берди.

52% жана 48% добуштуу жыйынтыкта Англия, Уэльс биримдиктен чыгыш үчүн добуш берди. Ал эми Лондон, Шотландия жана Түндүк Ирландия биримдикте калуу чечимин карманышты.

Бириккен Королдуктун ашынган оңчул көз карандысыз партиясынын лидери Найжел Фараж муну Британиянын "эгемендик" күнү деп сыпаттады, ал эми карама-каршы тараптагылар "катастрофа" деп аташты.

Референдумдун жыйынтыктарына базар реакция кылгандыктан фунт стерлингдин курсу долларга карата 1985-жылдан бери эң төмөнкү чегине түштү.

Шайлоочулар 71,8% катышып, 30 миллиондон ашык киши добуш берди. Бул Британияда 1992-жылдан бери адам эң көп келген шайлоо болду.

Британияда 23-июнда өткөн референдумда жарандар Британия Европа биримдигинин курамында калыш керекпи же чыгыш керекпи деген суроого жооп берди.

Ошентип Британияны Евробиримдиктин курамында калууну жактагандардын каалоосунун аткарылышы математикалык жактан мүмкүн эмес.

Британиянын ЕБге мүчөлүгү тууралуу референдум 2015-жылдагы шайлоодо консерваторлордун убадаларынын бири болчу. (АК)