Британ каржы министринин билдирүүсүнө карабай фунт арзандоодо

Британиянын каржы министри Жорж Осборн өлкө алдыдагы кыйынчылыктарга бетме-бет келиш үчүн даяр экенин билдирип, эч кандай чукул бюджет түзүлбөй турганын белгиледи.

Ал Британия экономикасында дагы деле кайра түзүүлөргө муктаждык бар деди.

Анткен менен кандайдыр бир кадамдарды жасоодон мурда жаңы премьер-министрдин келишин күтүп турган жакшы.

Ал ошондой эле Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык, Евробиримдиктен чыгуу жараянын бир гана Британия баштай алат деди.

Ал бейшемби күнү өткөн референдумдан бери комментарий бере элек болчу.

Каржы рыногу боюнча министр буларга токтолду: «Мен бизге келечек даярдаган ар кандай учур үчүн чатырыбызды оңдошубуз керек дегемин жана кудайга шүгүр биз аны жасап койгонбуз», - деди Осборн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

«50-беренени биз гана чакыртып ала алабыз. Менин пикиримде, биз муну европалык коңшуларыбыз менен ишке ашыруу механизмин келишкенде гана жасашыбыз керек», - деди ал.

«Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө адамдардын өтүүсү же иштөөсүнө байланыштуу укуктары, товарлар менен тейлөөлөрдүн жолу же экономика менен каржы системасын көзөмөлдөө өзгөртүлбөйт», - деди Осборн.

Британ каржы министринин базарды тынчтантуу аракетин көргөн билдирүүсүнө карабай, биржалардагы индекстер жана фунт стерлингдин баасы төмөндөп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу

Биржа ачылгандан кийин фунттун долларга карата баасы 1,35 болду, башкача айтканда жума күнү жабылып жаткандагы баага салыштырмалуу 2% төмөн. Анда фунт акыркы 30 жыл ичинде эң ылдый көрсөткүчкө жетип, долларга карата дээрлик 10 пайызга төмөндөдү.

Лондон биржасындагы индекс 0,8% арзандоо менен ачылды. Жума күнү төмөндөө 8%га жеткен.

Ал эми министрдин билдирүүсүнө чейин Азия биржаларында дагы фунт стерлинг арзандады. Бул базарда фунттун долларга карата курсу жума күнү жабылып жаткандагыга салыштырмалуу дээрлик үч пайызга түштү.

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Британиянын кредиттик рейтингине терс божомолун билдирди. Бир катар банктар Британиянын Евробиримдиктен чыгышы өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет дешти.