Аргентина президенти Мессинин кетпешин өтүндү

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Маурисио Макри Мессини эң мыкты футболчу деп эсептейт

Аргентинанын президенти Маурисио Макри улуттук курама команданын оюнчусу Лионель Мессини кетпе деп жаткан футбол күйөрмандарына кошулду.

Франс-Пресс агенттигине Макринин маалымат катчысы билдиргендей, мамлекет башчысы Мессиге жеке өзү телефон чалды. Ал футболчу менен сыймыктанаарын билдирип, сындагандарга кулак салбаганга чакырды. Президент ушундай эле сөздөрүн “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Фанаттар жана Аргентинанын легендарлуу футболчусу Диего Марадона дагы Мессини командадан кетпөөгө эмоционалдуу чакырыктарды жасашты.

Месси улуттук команданын атынан ойнобой турганын Аргентина Америка кубогунун финалында Чили командасынан утулуп калгандан кийин билдирген.

АКШда 27-июнда өткөн оюн негизги жана кошумча беттешүүдө бир дагы гол киргизилбестен аяктады. Пенальтиде чилиликтер 4:2 эсеби менен утушту.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Лионель Месси

Анда Месси өзүнүн пенальтисин жасай алган жок.

Ошентип, Аргентинанын курама командасы ири мелдештерде катары менен үчүнчү жолу утулду.

Америка кубогунда 2015 жана 2016-жылдары эки жолу жеңилди. Ошондой эле Германиянын командасына 2014-жылы дүйнөлүк чемпионатта утулган.

29 жаштагы Лионель Месси өзүнүн карьерасында Испаниянын “Барселона” клубу үчүн ойноп келет.

Ал менен команда төрт жолу катар эң абройлуу Европа мелдеши - чемпиондор лигасын уткан.

Месси төрт жолу жылда эң мыкты оюнчуга берилчү “Алтын топ” сыйлыгын алган. (AK)