Volkswagen дизелдик чатакты жөнгө салууга 15 млрд доллар төлөйт

Сүрөттүн автордук укугу
Image caption Булганган затты чыгаруу боюнча чуу Volkswagen компаниясынын аброюн түшүрдү: бул жылы алардын унаа сатуусу 5% түшөт деп күтүлүүдө

Volkswagen унааларынын кардарларына төлөнчү компенсация 15 млрд долларга жетип, өндүрүш тармагындагы эң жогорку сумма болуп жатат. Компания бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтып көрсөтүп келген.

Төлөнчү акчанын так өлчөмүн бул ири немец компаниясынын Вашингтондогу америкалык өкүлдөрү билдирет.

ЖМКнын маалыматына ылайык, акыркы суммага бузук сатылган унааларды оңдоо же сатып алууга каржалчу 10 млрд доллар кирет. Дизелдик кыймылдаткычы бар бул унаалардын 428 миң кожоюнунун ар бирине 10 миң долларга чейин компенсация төлөнөт.

Өткөн жылы АКШ бийлиги корпорацияны сотко берген. Андан мурда корпорация дизелдик автомашиналардын чыгарган зыяндуу заттардын көрсөткүчүн билдирүүдө көз боёмочулук кылганын мойнуна алган.

Буга байланыштуу компенсациянын акыркы суммасы Детройттогу соттун макулдугуна байланыштуу болуш керек.

Компаниянын өзүнүн маалыматында, жыйынтыктарды бурмалоо дүйнө жүзү боюнча дизелдик кыймылдаткычтуу 11 миллион машинага тиешелүү. (АК)